Бул менин тагдырыма туш болгон эң жагымдуу тапшырмалардын бири болду. Билесизби, Швеция өтө күчтүү, талаптуу өлкө жана көп жылдар бою Борбор Азия лидерлеринин бирин да чакырган эмес. Негизги шарт, ар бир өлкө өзүнүн демократиясы менен айырмаланып туруш керек болгон.
Акыры, алар Кыргызстан мамлекети демократиясы менен айырмаланат жана жогорку деңгээлдеги расмий байланыштар үчүн бардык талаптарга жооп берет деп чечишти. Ошентип, мен Стокгольмго расмий чакыруу алдым. Бул сапар ошондой эле Швециянын Улуу Даражалуу Падышасы менен жолугушууну камтыды. Дээрлик бардык маселелерди элчилик аркылуу чечкендиктен, мен өз сапарымды улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун адабий жетишкендиктерин жайылтууга ж