Мазмунсуз жашоо
Өмүрлөр өчтү ар бир ак таңда
Сезимдер өчтү тилдер айтканда
Көңүлдөр муздап,көөдөн буулукту
Төрт эли тилдер уусун чачканда
Каректер шуру мончок жасашты
Жаш төгүп өлүп,кайра жашашты
Жаш төгүп турат дайым каректер
Улантат кайра кайра жашашты
Ар таңда өлөт бир канча адам
Ар кечте токтойт бир канча кадам
Кармашкан колдор бир күнү келип
Кармабай бирин кеткени жаман
Бапестеп күндө бөпөлөп багып
Балдарым үчүн деп жалындап жанып
Өмүрүн арнап койгон ата-эне
Карылар үйүндө сыздашат калып
Сүйөм деп селки жигит жандаган
Ишенүү менен колун кармаган
Жаш кызды алдап сыздаткан кургур
Жигиттин болду жоругу арам
Ишеним өчтү бир жаш сулууда
Уят сый кетти жашта улууда
Мээрими кетти жүрөк ме