Арадан үч ай өттү. Армиянын жашоосу мени тажаттты чынын айтсам. Күндө токмок жей берип токмок жей турган жер деле калбады. Бир күнү уктап жатсам бир досум телефондо сүйлөшүп жатат шыбырап, берчи деп колунан жулуп алып кароол жака чыгып кеттим. Бул жерде өзүнө ишенген, өзүнүкүн бербеген адамдар күчтүү деп эсептелинет. Кароолго да шеригим турган эле анын жанына барып аны кетирдимда өзүм калдым. Тахминанын номерин жатка жаттап алган болчумун. Чалсам такыр албайм . отуз жолу чалганда уйку сурап:
-ало ким бул?
-мен ... Мен Айдар.
-Айдар! Ахахах сенби? Айдаар!
-амей акырын...
Ал ушунчалык кубанып жатты. Көзүмө жаш тегеректеп кетти. Экөөбүз таң атканча сүйлөштүк. Алар дүкөн ачышыптыр. Дүкөндө иштеп жатыптыр азыр. Окууга тапшырайын десе апасы орукчан үйүндө чоң кыз болгондуктан апасын карап калды. Күнүгө кароолго акырын чыгып алам, таң атканча сүйлөшөм, акыркы күндөрү бир-бир күндөн сүйлөшүп баштадык, анткени уйку жетпей кыйналып баштадым. Чоң энем катуу ооруп жатыптыр, командирлерден уруксат сурасам жооп бербей коюшту. Кызматты уланттым. Түнү уктап жатсам шеригим келип ойготуп:
-тиги сүйлөшкөн кызың ыйлап жатат деди. Дароо эсиме чоң энем түштү. Телефонду колунан жулуп алдыма:
-ало Тахмина чоң энеме бирдемке болдубу\?
-жоок мени ала качып кетишти.
-эмне?
-келип алып кет мени деп ыйлап жиберди. Кимдир бирөө телефонду алып өчүрүп салды. Кайра чалсам өчүк. Ошол убак бир дембир кирип келип калды. Агада көңүл бурбай кайра чалып жатсам чуркап келип далдан ары бир тепти. Керебеттин түркүгүн сүзүп алдым. Каным кайнап калган эле. Мага ушул керек болчу. Дароо ордумдан туруп дембил сүрөө сүзүп, басып алып тосконуна карабай уруп салдым . Балдар араң бөлүштүрүп калышты. Дагы бир шеригибиз келип:
-дембилдер келатат деп калышты. Балдар сүйлөшүп мени арткы эшиктен чыгарып жиберишти. Сырттагылар да жакын досторум болчу, аларды эшикти ачып беришти. Күчүмдүн болушунча чуркап жөнөдүм, же унаа токтобойт түн жарымда. Саат беш болуп калганда бир унаа токтоп ала кетти. Шаар четинен өбүбүздүн айылга келдик. Рахматымды айтып унадан түшүп эле чуркаарым менен бир байке ышкырынып токто! Айдар деп кыйкырат. Тээ алыстан чуркап келип:
-адашпадымбы Айдар? Айдар сен эмне билдиңби?
-эмнени?
-ак, атаңдын көрү дүнүйө, деп көзүнө жаш алып, балам! Чоң энеңден айрылып калдык.......
Азыркы тапта Тахминаны алып качкананда оор катуу сокку болду. Башым кың этип, тоңуп туруп калдым. Мурдум шырыктап, оозум ача албай көзүмдөн ысык жаш тамат. Ушунчалык күү менен келдим эле. Көрсө бар кубатым, күчүм чоң энем турбайбы. Аябай алсызмын, буттарым араң шилтенет, жанымдагы байке колтуктап мени жетелеп баратат. Мен кайда баратканымды деле билбейм. Чоң энем, апа ордуна апа, ата ордуна ата болду эле. Башкалардан көрбөгөн мээримди ушул инсандан көрбөдүм беле. Билбейм, ушундай бир акыбал болот экен, аны сөз менен түшүндүрө албайсың. Чынында Тахмина оюумада келбептир... кантип ойго келсин бул жакта чоң энем өтүп жатса. Үйгө бардык, үйдө жык-жыйма эл. Мурдумду тартып-тартып коюп кирип баратам. Чоң энемдин үстүнө ак жаап коюшуптур. Жүзүн ачып көрүшкө колум шилтенбей дене боюм калтырап чыкты. Акыры мен менен кошо келген байке:
-балам, өзүңдү колго ал, кийин өкүнүп калбагандай болуп энеңдин жүзүн көрүп ал деп акты ачты.
Тынчып туруп калдым. Мени балдар үйүнөн алып келгенден тартып азыркы күнгө чейинки бардык окуялар бир заматта эсиме келди. Көз жашымды тыя албай, калтырап-титиреп энемди акырын кучактап:
-эне... менида алып кетчи... сиз жок кантип жашайм деп өңгүрөп ыйлап кирдим. Мени сыртка тарткылап алып чыгышты. Алар мени энемден айрып жаткандай эле сезилип, кайраан энекеме жулкунам. Акыры болду,болду деп суу ичиришти. Суу ичип бир аз басылып отуруп калдым. Ошол убакта бир мерс унаасы келип токтоп ичинен бир жигит жубайы балдары менен түштүда ошол жигит ичкери карай апалап чуркап кирди. Түшүнө албай калдым. Аңгыча болбой джип унаасында бир байке да аялы менен келди. Аялы үйгө чыңырып ыйлап алдагы апалайт. Мен эчтеке түшүнбөй калдым. Акырын үйгө кирдим. Экөө тең чоң энемди кучактап алып ыйлап жатыптыр. Экөө тең апа дешет. Мен үн катпай кайра чыгып баратсам тиги эже:
-апамды сен карашың керек болчу, сен!
-кандайча мен? Мен сени көз салып тур дебедим беле деп айтыша кетишти. Жолумду улай сыртка чыгып баратсам тиги эже:
-балким апамды багып алган бала өлтүргөндүр.
-анан эмне? Апам өзүнөн өзү өлүп калат дейсиңби?
Унчукпай сыртка чыгып отурсам солдаттар унаасы келип токтоп ичинен командирим жана ротадагы дос балдарым түштү. Эки колум менен бетимди жаап, терең кайгырып, үшкүрүнүп отурсам:
-Акмак! Сенби менин энемди өлтүргөн деген дабыш чыкты. Мен көзүмдү ачып караганча болбой бир муштум көзүмдү жандыра сокту. Отургучтан ары ашып кулап калдым. Көзүм караңгылап турганча болбой тумшуктан ары тепки жеп дарака башым менен тийдим. Араңдан көзүмдү ачсам тиги апалап ыйлаган байке экен. Кошуналар ротадагы балдар аны жулкуп кармап,койбербей жатышыптыр. Менин жанымда кимдир бирөө мени ордумдан тургузганы аракет кылып жатты. Тиги байке бирдемкелерди бакырат бирок кулагым тунуп калыптыр эчтеке уккан жокмун. Же көзүм жакшы көрбөйт. Башымды бир ары-бери чайкадымда жакшылап тиги байкеге карасам:
-сен менин апамды өлтүрдүң! Сен анын ажалы болдуң жетим!
Чыдай албай кеттим. Чуркап жеттимда жыгыта согуп,басып алып ызаадан уруп жаттым.Кимдир бирөө колдорумду кайрып туруп тартып алды. Жулкунуп артка карасам командирим. Тахмина чоң энең катуу ооруп жатат дегенде ушул командирден жалынып-жалбарсамда азаттыка чыгарбай койгон эле. Ошол нерсе кара дак болуп сакталып калыптыр. Дароо анын колунан чыктымда бир сүзсөм кулап түштү, эми аны басып алып тизелеп тээп ,туш келген жагына сокку узаттым. Ошол убак артымдан бирөө урду. Эсим ооп кулап калдым. Көзүмдү ачсам түн кирип калыптыр. Ордумдан турсам жанакы чоң энемди апалап ыйлаган байке казанга от жагып жүрүптүр. Акырын туруп жанына бардымда:
-сен некылып жүрөсүң бул жерде?
Мага бир таңдана карап ордунан туруп:
-өй бала, чоң энем үчүн сени кечирдим бар кет, жогол көзүмө көрүнбөй.
-өзүң жогол бул менин үйүм.
-эмне?
-сен али апамды өлтүрүп үйүнө ээ болоюн дедиң беле?
Муштумдап бир соктум. Казандын жанына отуруп калды. Ага курч карап туура эле үйгө кирдим. Баштыктарымды карап ичинен Алтынбектин карындашынын сүрөтүн гана алдымда, төрдө илинин турган чоң энемдин сүрөтүнө бир карап, көз ирмеп коюп чыгып кеттим. Эшикте эл көп болгондуктан короо жак менен чыгып баратсам коло-коңшулар жылкы сойгончо сүйлөшүп жатышыптыр, акырын тыңшап калсам:
-баякы багып алган баласы энесинин жерге бергенида барган жок.
-ээ ал тиги баласы менен урушуп кетсе болобу, алына карап иш кылса болмок, бир муштумдады эле өзүнө келе албай жатат дагы эле.
-бирок тиги чоң баласы чириген бай болуптур.
-аа айта көрбөгүлө, үч жылкы бир төө, жети өгүз сойдуруп жатат. Балаң болсо ушундай болсо ээ...
Акырын жолумду улай талаа аралап чыгып кеттим. Курсагым ач, курулдайт жөн эле. Каяка бараарымды билбей баягы тозоктой туюлган армия эми үйүмдөй туюулуп түз эле ошол жака багытымды бурдум.
Энени көзү барында сыйлай албагандан кийин көзү өткөн соң миң төө сойсоң деле барибир тура. Эсимде бир жолу кошуна байкеге жардамдашсам иштеген акыма деп мага семиз тоогун берген эле. Аны алып келип берип чоң энеме союп бергем. Тахмина жардамдашып чогуу бышырган элек. Энем ошондо ушунчалык кубанып бешенемден кайра-кайра өөп ыраазы болгон эле. Көзү тирүүсүндө ошол бир тоок союп бергенимеда ыраазы болуп көзүмдөгү жашты сүртүп бараттым. Ушул окуя эсиме түшүп бир убак оюма Тахмина келди. Кайра артка кайттым. Түз эле Тахминанын үйүнө бардым. Сырттан көз салып аңдып жатсам анын атасы мени көрүп калып:
-э! Айдар сенби?
-ооба мен.
-сыртта некылып турасың? Бас бери.
Дароо жүз-башымды оңдонуп кирип бардым. Алар өздөрүнчө бактылуу отурушат. Чоң энеме атап куран окушту. Бата кылгандан кийин кел нанга кара деп нан сындырды. Ооз тийдимда:
-Рахмат, эми... Тахмина каякта билсем болобу?
Атасы каткырып:
-илгери досум уулду болуп мен кыздуу болгондо, досум экөөбүз кудалашып койгон элек,мына үнүбүз кудайга жеткен экен экөө кече башкошту.
Отурган жеримден туруп жибердим. Негедир бул жерден тезирек кетким келди. Тез-тез дем алып демим кысылып кетти. Тахминанын атасы таң калып:
-Айдар эмнеден коркуп кеттиң? Деп артын карап бошонуп кеткен торпогун көрүп каткырып:
-сен муну чооң ит деп коркуп кеттиң окшойт ээ ахаха. Мен азыр, аны байлап келейин сен чай ич.
Тахминанын апасы балдарын үйгө киргизип жибердида мага жалооруп карап, көзүнө жаш тегеректеп:
-мен баарын билем балам...
-сизге эмне болду эже.
-Тахмина сени жакшы көрүп жүргөн, сен армиядан чыккан да башкошобуз деп жүргөн.
-эже, деп менда көзүмө жаш тегеректеп:
-мен аны куткарганы келген болчумун, тилекке каршы ошол заматта чоң энем каза болуп калыптыр. Кайда бараарымды билбей калдым.
-түшүнөм балам, угушумча сени үйдөнда кууп чыгышыптыр.
-ооба, ошентседа болот. Мен Тахминаны бактылуу кылмакмын. Мен эми барайын, кызыңыз бактылуу болсун.
-рахмат балам, Тахмина элдин кыздарына окшоп келин көйнөкта кийген жок. Байкуш кызым ыйлап-ыйлап кетеберди.
-эже, болду, мен артык чыдай албайм деп кетип жатсам артымдан:
-балам кел нан-пан салып берейин. Артыма карадымда:
-жок эже рахмат...
-Тахминанын тоюнан кешик, ооз тий.
-эх , кантип ооз тием эже дедимда кетип калдым. Жол четинде баратсам бир унаа келип токтоду. Ошол чоң энеңден айрылдык деген байке:
-ээ Айдар! Отур унаага.
Макул болуп отурдум.
-Айдар эми кайда барасың?
-армияга.
-жеткизип коёюн анда, армиядан чыгып баарибир бул жака келбесең керек. Мендагы бир жакшылыгыңа жарайында балам. Ээхх, сени түшүнүп турам... түшүнүп турам.
-байке сүйлөбөй кетиңизчи.
-ээх түшүнүп турам, азыр сага сөздагы жакпай турат, түшүнүп турам...
-байке дейм!
Ал ошол бойдон сүйлөбөдү. Жол четине көз салып баратып, тагдырга там бердим. Бир убакта эки жакынымдан айрып койду. Мен эми Алтынбеке гана ишенип турам. Жогото турган ошол досум эле калды. Эгер ал да каза таап кетсечи? Анда менин жашоомдон эмне максат? Анда жашоонун маани-маңызы кайсы. Эх, ошентип армия өтөп жаткан жериме келип тиги байке менен коштошуп дарбазанын алдына бардым. Жанакы мен урган командир чыкты. Алдында бир аз уялып турдум. Бирок мен азыркы ниетимде урса урам, өлсөм ушул жерден өлөм деп турам. Ал алдычма келип:
-Айдар мени кечир, чоң энем ооруп жатат дегениңде ишенген эмес элем, ошон үчүн сени кетирген эмесмин.
-кирсем болобу?
-ооба жүр.
Экөөбүз кирип бардык, балдар уктап жатышкан экен. Керебетиме келип командир менен чогуу отурдум. Ал бир сыйра үшкүрүнүп:
-эх Айдар, Айдар... боору таш тагдыр... эчкимди аябайт турбайбы... Айдар билесиңби? Ушул күнгө чейин бир адам мени сүзүп жыгыта алган эмес, же басып алып уруп сала алган эмес. А сен буларды ишке ашырдың. Астыңда алсыз болуп эле жатып калдым. Сен жөнүндө көп изилдедим. Кичинекейиңде ыйлак, коркок жигит болгон экенсиң. Көпчүлүк ыйлак балдар чоңойгондо чоң муштум же өжөр жигит болуп чыга келишет. Балким аларды адамдар ыйлата берип алар ажыдаарга айланабы билбейм. . . кой сен мага тарынба, жакшы эс ал. Баса мурду-көзүңдөгү шишиктер кеткенче пол жууп, тамак жасайсың. Сүйлөштүкпү.
Мен унчукпай жатып алдым. Команир чыгып кетти. Төшөктү жамынып эми жатсам:
-Айдар тур энеңдурайын! Сени деп дембилдерден токмок жедик деп мага катарлаш жаткан жигит келатты. Урса урсунчу деп кайра жатып алдым. Ал мага жетээрде астынан жигиттер тосуп:
-сен неболтасың Айдар азыр оор акыбалды, өзүң деле көрдуңго кандай болгонун.
Мен чүмкөнүп жата бердим. Балдар эки тарап болуп ажылдашып жатып калышты. Дароо ордумдан туруп ортосуна кирдимда:
-жигиттер! Мени деп урушпагылачы, чакырчы ошол дембилдерди барын бирден айрыйм. Ким экен алар менин досторума тие турган.
Назар деген жигит:
-сен эмне кооз сөздөрүң менен бизди алаганы турасыңбы?
Ооба, мен аларды ошентип тынчытып коеюн дегем.
Назардын жанына барып бешенемди такадымда:
-көрөт бир күндө сүйгөн кызыңды ала качып, жакын адам ааламдан өтсө кандай акыбалда болооруңду. Мени азыр эчким түшүнбөйт. Мен азыр сен эмес бүтүн ротадан коркпой турам, себеби менин өлгүм келип жатат билесиңби ушуну!
Балдардын баарына кайрылып:
-силерге жыргал! Жашооңордо баары бар, бириңдин ата-энең, бириңдин бир тууганың! Бириңдин үй жайың! А менде ошонун бирөөда жок! Кана кимде дагы ушундай! Жок! Силер мен көргөн турмушту көрө элексиңер! Бирок... көрүп калышыңар толугу менен ыктымал! А мен ... эх жигиттер... Жетим болгон кандай жаман! Жетимдер тагдыры ушундай турбайбы! Деп көзүмө жаш алып сыртка чыгып кеттим. Бук болуп калган элем бакырып-бакырып алдым. Сыртка чыксам мен төпөштөп кеткен дембил астымдан чыгып калды:
-ОО дух! Кандай анан!? Не колго түшпөйм деп ойлодуң беле!?
Ал менин далымдан тап-тап жатты. Азыркы учурда ушулда оор келип турган болчу, оодара соктум. Бетин кармап ары онтоп, бери онтоп, тура албай жатат. Жолумду улап кароолго баратсам алдымдан он-он бештей дембил чыкты. Артымдан бир досум чыккан экен ал дароо кайра кирип кетти. Ушул күнгө чейин жалгыз келдим, эми бул жагынада жалгыз аракет кылам деп дембилдер тарапка кадам таштадым. Ону он жактан ургулайт. Бир убак менин досторум бири калбай чыгып дембилдерди жөн эле депселеп салышты. Ызы-чуубузду укканда командирлер ишке өттү. Баарыбыз жай-жайыбызга кирип жатып алдык. Ичиме катуу тээп салганбы аябай такашып ооруп жатты. Аябай чарчадым тура албай жата бердим. Эрте менен командир балдардын барын тургузуп жатты. Балдар шаша-бушө кийиништи. А менин көзүм ачылбайт. Араң турдумда кайра жатып калдым. Көзүмдү ачсам бир жигит китеп окуп отурат. Дароо турсам түш болуп калыптыр, китеп окуган баягы мен урган командир Байсариев экен. Дароо туруп чес бердим. Ал күлүп:
-отур, отура бер. Уктап болсоң, пол жууп, ашпозчу эжеге тамак жасаганга жардам бер.
-жарайт!
Полдорду жууп чыктым. Ашпозчуга жардам бердим. Дагы бир сыйра пол жуу дешкенинен кайра жууп жатсам баягы дембилдер сырттан кирип келдида эшикти жаап коюшту. Мени тегеректеп жатышты. Колумдагы пол жуучу таякты бекем кармап турдум. Бирөөсү алдыма келип:
-бүгүн сенин айыңдан досторуң аркы дүйнөгө жөнөтүлөт.
-жок, алар эмес. Сен жөнөйсүң, досторуң менен болгондода.
-эмне!?
Пол жуучу таяк менен бир чаптым. Ким келсе жаткыза-жаткыза уруп жаттым. Бири буту менен бир тээп ортосунан бөлүп салды. Менде эки таяк болуп калды. Ого бетер төпөштөдүм. Көпчүлүк барибир көпчүлүк тура. Алар мени токмоктоп салышты. Араң эле жаным калды. Түнкүсүн топтолуп келип досторумду урушту. Мен түнү-бою жөтөлүп чыктым. Ушунчалык тозокто жашап жаткандай сезилди мага. Эртеси командир келип ойготту. Баары кетти. Мен пол жууганы калдым. Араң-араң эле бутум шилтенет. Ушунчалык чыдабай кеткенде түз эле командирдин бөлмөсүнө жетип барып,тыкылдатпай эле кирип барсам полковник Иманалиев менен отуруптур. Мага ушул керек болчу, барын төкпөй чачпай айтып салдым. Армиядан кетем дедим. Командир көзү менен жаңсап чыгып кет дегенсийт. Полковник ордунан туруп, тамекесин түтөтүп жаныма келип:
-ушул жигитти айтып жаттың беле Байсариев?
-ооба ушул.
-көзгө басаар жигитиңдин көзүнө басып кетишиптирго. Эмне муну чөөлөрдүн астына салып берип жүрөсүң? Карачы кыйналып бүтүптүр. Буйрук!
Командирим ордунан так туруп:
-угуп жатам полковник Иманалиев!
-бул жигит мени менен кетет, армияны өтөдү деген билетти өзүң толтуруп мага берип жибер.
-жарайт!
Иманалиев:
-Айдар жүрү кеттик.
-эчкайда кетпейм.
-эмне?
Командирим келип дароо мени четке тартып:
-кетебер, өкүнбөйсүң. Балким сенин жашооң эми жакшы жака өзгөрөттүр, качанга чейин ушул ур-токмок астында жүрөсүң?
-калганын сиз бүтүрөсүзбү?
-кыжалат болбо.
-макул мен анда кеттим деп полковник тарапка кадам таштадым.
-баса,бул сүрөттү түшүрүп алыптырсың деп Алтынбектин карындашынын сүрөтүн сунду.
Баары менен коштошуп полковник менен кошо кеттим.Ошентип мен үчүн Армияда аяктады, жол жүрүп отуруп борборубузгада келдик.
Полковниктин үйү чоң гилтейген экен. Жубайы балдары жакшы тосуп алды. Тамактанып бүткөнчө эчким сүйлөбөдү, буларда тартип ушундай экен. Эки кызы дароо дасторконду жыйнап, жубайы Иманалиев экөөбүзгө чай куюп орундуктан туруп кетишти. Палковник мага жылмая карап:
-Айдар жактыбы үй?
-ооба, эчким мени мынтип коноктогон эмес, жада калса ушунчалык тартиптүү үй-бүлөөнү көргөн эмесмин.
Ал күлүп:
-аа бизде ушундай балам, армиядан кутулуп жыргап калдыңбы?
-жок, акырына чейин кызмат өтөсөм сонун болмок.
Ал столду тарак эттире бир койдуда:
-эмне менин чечимим туура эмес деп ойлоп турасыңбы? Ал жакта калсаң, алар сени өлтүрүп коюшат, же эмне өлгүң келип турабы же ошондой жашоодо жашай бересиңби? Ал мейли, армияны бүтүп кайда барасың?
-кечиресиз деп тим болдум. Ал жинденип тиктеп турган жеринен телефону шыңгырап калды. Жанымда арстан болуп турган киши дароо түлкүгө айланып:
-ооу шеф? Ооу... ооба... мейли, мейли, макул мен бир айдан кийин жөнөтөм. А жоок, качан десеңиз ошондо, азыр деле жөнөтө... а? А, ооба толук эки жумадан кийин анда. Макул, макул... рахмат.
-ким чалды?
-аа, эме, ой Айдар. Мындай Айдар, мен сага жумуш таап койдум. Бир байдын кызын коруктайсың. Билип кой, жалгыз кызы гана бар.
-мен бирөө үчүн жанымды отко таштабайм, адамдардан жакшылык күтпөй калганмын.
-мм ошондой дечи... эми бул менин сага кылган жакшылыгым болсун, эми ал кишиде көйгөй деле жок. Бай киши, кызы жалгыз болгондуктан анын коопсуздугун ойлоп жататда.
-макул, качан барам?
-тоолук эки жумадан кийин, бүгүн жуунуп-таранып, эртең базарга түшүп кийим кылып ал.
-акчам жок...
-ме акча деп алдыма 300доллар таштады.
Жуунуп таранып, жыргап эс алдым. Таң атпай туруп базарга кеттим. Акча элеби сага деп кымбат сонун кийимдерден алып келатып, дарыканага тийип жаратты айыктырчу даары дармекти алып эки жумада өзүмө келип алдым. Чоң энем костюм шым сатып бергенде чоңойгондо сонун костюм шым алам дечүү элем, ал максатымада жеттим. Чыкыйып кийинип алып Иманалиевти күтүп отурам. Бир убакта мени көрүп:
-йе? Чыкыйып кийинип алыпсыңго, көк алаң кетип бир жакшынакай жигит болуп калыптырсыңго я?
-рахмат деп жылмайдым.
-Айдар сен эми капа болбо, чын маанайыңбы бузгум келген эмес тиги бай келишимди жокко чыгарды. Кызына жан жоокер керек эмес экен.
Маанайым түшүп кетти. Галстугумду чечип мыжыга кармадым.
-Айдар, эми сен не иш кылсаң болот, сен базарларга барып иштесең болот.
Баштыгым даяр болчу, жулкуй кармап полковниктин үйүнөн чыгып кеттим. Токто дегенда жок. Жанымда 300доллардан ашкан 100сом бар эле. Базарга иштесең болот десе түз эле жөө басып базарга барыптырмын. Мен барганча шам болуп кетти. Базардын эшигине барып кириштен зеригип тосмодон эптеп ашып өттүм. Ашып өтөрүм менен бирөөнүн жалынып жалбарып жаткан дабышы угулду. Шашпай ортолоп кирсем базар эчаак жабылган экен. Бир дүкөн алдында төрт жигит бир баладан акча талап кылып жатышыптыр. Акырын басып бараттым. Мени көрүп тык токтошту. Шашпай баары менен учурашып чыктымда, жалынып-жалбарып турган жигитти ордунан тургузуп:
-эмне болду, акча доолап жатышабы же карызың бар беле?
-жоок байке, суранам мени куткарыңызчы.
Төрт жигитке карап:
-жигиттер кетип калгыла, макулбу?
Бирөөсү “макул эмес” деп алдыма келе калды. Бир согуп кулатып “ –эмичи?” эх муштан башым арылбай койду. Калган үчөө атырылып кирди. Бир топ урушканды жакшы билген балдар болгону эби жок турбайбы алардын. Ойду-келди сокку ура беришет экен. Дагы бир жигитти кулата соккондон кийин мушту токтотушуп экөө эки жигитти алып унаасына отурушту. Бири айдап, бири терезеден башын чыгарып:
-биздагы көрүшөбүз, ошондо сүйлөшөм сен менен дейт, үн катпадым. Жанымдагы жигит шаша-бүшө:
-рахмат байке, рахмат... бул жакшылыгыңзды унутпайм.
-эй дос, болдучу эми. Мага иш барбы?
-а? Эмне иш?
-билбейм ушул базарда иштесемби деп турам.
-өзүнүзгө дүкөн ачып албайсызбы?
-жок , кел мен сенин колуңда иштейин, недесең баарын кылам.
-мага азырынча жүк ташыганга эле жумушчу керек.
-аа болот, айлык акы кандай курсак тоёбу?
-албетте батириңдин акчасы, тамак ашыңдан сырткары 12-13000миң чыгат.
-мм, менде батир жокта.
-жок? Мына могул кичикей жерде кааласаң сыналгы бар, мына телефон бар, жашай бер жыргап. Башында сиз деп турган жигит сен дегенге өтө баштады.
Макул деп кийимимди алмаштыра баштадым. Жанакы төрт эшек костюмдун колтугун жыртып кетишиптир. Ичим ачышкан менен айла жок. Ошентип сатуучу менен танышып отуруп тамактандык. Аты Нуртас, менден төрт жаш чоң экен. Бул жерде ун сатылат, гүрүч сатылат кыскасын айтканда азык-түлүк...
Эртеси жанакы төрт жигитти күттүм келишпеди толук бир жума өттү. Нуртас мени кичине катачылыктар үчүнда урушуп баштады. Унчукпаган сайын башыма чыгып жатат. Толук бир жумадан кийин жанакы мен урган балдар жумушту жаап элден акыркы кетип жатсак келип калды. Менда кичине шаарга чыгып келейин деп жаткам. Мага ушул керек болчу, аларды көрдүмда дароо ичкери кирип Нуртаска:
-шеф сага келишиптир
-эмне? Келсе некылайын. Сен ишиңди кылабер, бар не турасың столбадай болуп.
Бир согуп жанын сууруп алгым келди сыртка чыгып бир унду көтөрүп кирип баратсам Нуртас тар жолдо жолумдан чыгып:
-кач жолдон былжырабай.
Жиним келип бир колум менен бөлмөнүн ичине бир түрттүма өтүп кеттим артымда сүйлөнүп кала берди да аңдып турсам сыртка чыгып кетти. Бир аздан кийин акырын чыгып карасам эки-үч муштумду кабыл алганбы мостоюп калыптыр. Жигиттердин бири дагы бир урду эле топ этип отуруп калды. Аябай күлкүм келдида акырын эзилип күлүп жаттым эле. Жакшылап унааны карасам сакалчан бир жигит курч карап туруптур. Күлкүмду тык токтоттумда сыртка чыктым. Нуртас таппай турганбы артыма жашына калды. Акырын артыма карап:
-шеф бул сенин ишиң эмес беле.
-мындайлар сенин ишиң суранам куткар.
Жанакы төрт жигит менден бир ааз коркуп калыптыр. Мындайда эмне кылышты аябай жакшы билем.
-эй төртөөң өткөндөгү токмок жетпедиби силерге? Төртөөң барибир токмок жейсиңер башка жокпу, башка дегенде силерден башка мындай күчтүрөгү. Жанакы сакалчан унаадан түшүп чуркап келип тизелеп тепти. Араң тоскону жетишкеним менен гүрүчтөрдүн үстүнө кулата койду. Так секирип ордумдан туруп алышып кеттик. Аттай эле күчү бар экен жигиттин, мындайда башты иштетпесе болбочуудай. Анын кемчилектерин издегенге өттүм. Соккулары түз болгону менен аябай эле жай кыймылдаганы мага чоң жеңиш алып келди. Эки үч жолу бир убакта сокку узатып эптеп кулатып алдымда тизелеп башка тептим. Жанакы төртөө карап турбай аралаша кеткенде кайдан-жайдан бир жигит чуркап жетип келип экөөнү кулата тепти. Бардыгы кайра ордунан туруп башын ийип тизилип туруп калышты. Башчысы окшойт алардын. Ал жигит түз эле Нуртаска барып:
-Нуртас күчтүү жумушчуң бар экен, бүгүндөн тарта сага салык жок иштейбер деп мага келип далымдан таптайын дедиби же урайын дедиби айтоор колун сунуп келатканда бир чаап артка эки кадам таштап, чабуулга даяр туруп калдым. Ал каткырып:
-коркпо жигит.
-сенден корккон жайым жок.
-мени менен иштеш дейин дег...
-жок! Кетеберсең болот.
Ал күлүп башын ийкеп унаасына жөнөдү. Артынан:
-эй жигит, эгерде тиги чөөлөрүң дагы келе турган болсо ушул жерде жанын сууруп алам. Ал тык токтоп кайра жолун улап кетеберди. Ошо-ошол бойдон аларды көргөн жок.
Уландысы заметкамда
Ушул ссылка
https://ok.ru/profile/575722509281/statuses/69540877828321
Комментарии 407