Сүйүктүүм апамдай болсо менин.
Жан дүйнөңө жарык нур берип турган
Жашоондун оор жеңилин билип турган
Жанын дагы аябас бир мен үчүн
Жан шеригим апамдай болсо менин
Сүйүү чексиз берилип сүйүп турган
Сүйүнүп үйгө келсең тосуп турган
Сүйүүсү бекем болгон түбөлүктүү
Сүйгөн жарым апамдай болсо менин
Кичине эле кыйналсан сезип турган
Кичинемден жакшы бол деп дуба кылган
Кичи пейил канча терс иш кылсам дагы
Келинчегим апамдай болсо менин
Жакшы сүйлөп жан үрөп көкөлөткөн
Жакын көрүп, алыстан, жат бөлөктөн
Жаным деп каректери жанып турган
Жароокерим апамдай болсо менин
Сулуулугун ден соолугун бүт арнаган
Сүйүктүүм деп балам деп жан калбаган
Сүйүүсү эч бир жандан табылбаган
Сүйүктүүм өз апамдай б
Жубайлуулар пайдалангыла
Күтүп жүрүп үмүт кылып тандаган
Ак сүйүүдө мени сүйүп жандаган
Аллах үчүн сүйөмүн деп түбөлүк
Мен да сага ак сүйүүмдү арнагам
Аял деген үйдүн куту жарыгы
Ай ааламда алмашылбайт калыбы
Уй бүлөңдү берекеге толтуруп
Жүрөгүнө жете тиет жарыгы
Аял үйдүн куту деген ырас кеп
Аял десең аалам гүлзар элестейт
Жаркылдаган жароокерин болбосо
Талабын да урунушуң бекер кеп
Сени таптым тапкан күнү ашыктым
Сенин дагы болдум окшойт ашыгың
Сен дегенде ооздон түшүп ичкеним
Өзүң болдуң менин эми күч демим
Жалгыздык,кусалануу артта калып
Жашоонун кызыгына батып турам
Жан биргем сезимине туталанып
Жүрөгүм, жүрөгүңө ачып улам
Жаным болдуң жанга жакын адамым
Өзүң барда алга баштайт
Стройкада иштеп жүрүп 2007 - жыл, 27 - августта кырсык болуп кетти. Бийиктен кулап, омурткам сынып, эки бутум баспай калды. Башындагы 2 жыл азаптын тозогунда жашадым түнү - күнү жатам бир ордумда, жада калса отура да албайм. Эч нерсе жей албайм, жесем эле кайра кайтарат ашказан. Жалаң капельница менен жашап калдым. Эми ушунчалык арыктадым, бир гана сөөгүм калды. Ал аз келгенсип, эки капталым оюлуп чоң жара(пролежни) болуп ириңдеп кеткен. Температура 39, 40 укол сайса түшүп, күчү кеткенде кайра эле калчылдап баштайм. Бир күндө тогуз он жолу футболка менен простина которот апам Эне гана перзенти үчүн баардык азапты көтөрөт экен, мени түнү - күнү жанымдан карыш жылбай карады. Апам болбого
Бойдокчулук
Кай жерге барба бойдокту көбү жактырбайт
Тиктешип баары ашыкча кадам бастырбай
Үй-бүлө курчу жыйырма бешке жакын калдың деп
Башкасы эмес жан досун деле басмырлайт
Тамашалайт ачуу, салмагын эч ким ченебейт
Мазактуу сөздөр устундон күлүп тебелейт
Сен качан адам болосун өзү дегенсип
Туугандар деле ортого салып жемелейт
Бойдокмун али боз улан бир жигитмин
Үлгүлүү болуп үй бүлө бакпай мерезмин
Балага деген менде да суйуум эң бийик
Каалоочу болсо бою узун бири тенешсин
Баланча дешип көпчүлүк күлөт ушактап
Байкатпай сүйлөп, үстүртөн жүрөт тузактап
Өмүргө бекер келгендей сезип кетесиң
Жамгырлуу жазда жаздыкты жатсаң кучактап
Байырлай албай баш оогон жакка кетесиң
Өткөрүп мындай, жал
Куттуу болсун рамазан
Рамазандын таңы калды атканы
Момундардын ойгонгондой жатканы
Аракетин кылып калды окшойттор
Бул рамазан кызыгына батканы
Момун үчүн өтө чоң бир жаңылык
Кээ бирине келсе дагы карылык
Куран түшкөн улуу мына ушул ай
Тирүү болуу өзү чоң бир дарылык
Керемет ай шайтандары байланган
Жакын келбей алыс жерге айдалган
Күнү куттуу түнү кошо береке
Белек кылып мусулманга арналган
Рамазандын керемети ушулбу
Кээ бирлери кетиреткоо кушунду
Арак ичип тентип жүргөн адамың
Мечит көздөй шилтей баштай бутуну
Көп жакшылык иштер бүткөн бул айда
Мусулмандар көп жетишкен убайга
Каапырларды какшатышып тажаткан
Көп жеңишке жетти момун тараптан
Пайгамбарым тирүү кези ал убак
Момундарга күн т