《ЖУБАЙЫМА.》 Автор: Aikapella.
Бүгүн жумушумдан убактылуу чыкканым менен, үйгө адаттагыдан кыйла кеч бардым. Барып эле каражанымды издей баштадым, ал күндө мени тосуп алат эле, бүгүн уктап калган көрүнөт. Ошондой болсо дагы жубайымды чакыра баштадым:
- "Жаным?! Каражаным?! Жаааныыым?! Каражаааан?! Мм..мм.мм. Баары түшүнүктүү. Билем сенин эмне кылып жатканыңды. Уктап калдыңбы? Уйкучу десе, азыр мен сени уйкудан ойготом" - деп колумда сага арналган белек жана гүл менен кирсем сен таттуу уйкуда бир башкача болуп уктап жатыпсың. Эмнегедир сени аяп кеттим да, ойготпоону чечтим. Болгону ак баракка ушул сөздөрдү чиймелеп койгум келди. Бул күн биздин үй-бүлөөдө чоң майрам, жана жакшы гана көз ир