СЫРДАШЫМ
Эркелеп жүргөн кезим эже сизге,
Насаат кебиң турат дале сезимимде.
Өзүң бар дүйнөм толук болот дайым,
Тийсе да күндун нуру тийсин сизге.
Өзүң бар уйкуларым таттуу болуп,
Өзүңсүз калгандаймын жашоо жоруп.
Жараткан колдой жүрсүн ар таңында,
Эркелеймин өзүңө сезим толуп.
Таянар таянычым жаным сиңдим,
Алысты көрөргө сен карек болдуң.
Сырдашым көңүлүмдун кубанычы,
Мүдүргөндө таянарым өзүң болгун.
Эркелегин эже болуп мээрим төгөм,
Баягы эле эжен болом өзүң көргөн.
Келчи уксаң айтамын акыл - насаат,
Тамчы сөзгө жүзуңө кан жүгүрткөн.
Мемиреген мээримиңе бөлөнөйүн,
Түйшүктөнсөм силерге жөлөнөмүн.
Алыстасың кадам шилтеп барбасам да,
Калтыста , көңүлүмдө сүйөнөрүм .
Сагынамын эже - си
Глицерин жана сулуулук
Глицерин жана Е витаминин күндө колдонсо болот. Токоферол терини жашартуучу каражат. Ал бет теридеги клетканын дем алуусун шартап, азыктандырып, күндүн ультрокызгыл нурларынан сактайт.
Регенерацияны жөнгө салат;
Картаюуну жайлатат;
Этрогенди бөлүп чыгарат;
Теридеги суу балансты сактайт;
Шишикти жөнгө салат.
Е витамини менен глицеринди уктаарда аралаштырып бетиӊизге сүртсөӊүз көздүн тегерегиндеги майда бырыштардан арыласыз. Ал эми бет териси абдан жылмакай жана жалтырак болот. Глицерин териге нымдуулукту тартуулайт
Табигый косметиканы колдоно билиңиз
Бут, кол, бет, чач, моюн... Дегеле жалпы дене үчүн керектүү косметикалык каражаттарды сатып алууга дайыма эле каражат жетише бербейт. Мындайда сизге кадимки жашылчалар менен мөмө-жемиштер жардамга келерин унутпаңыз.
Сабиз
Одуракай болуп кесилген, түлөгөн, кургаган беттин терисин жылмакай, жумшак кылуу үчүн сабиздин жаңы сыгылган ширесин бетке сүртүү керек.Ушул эле сабиздин ширесине бир канча тамчы лимон ширесин аралаштырып туруп бетиңизге сүртсөңүз, сепкилдерди кетирет.Сабизди майда тиштүү кыргычтан өткөрүп, алынган боткону бетке жана моюнга жабуу керек. 15-20 мүнөттөн соң муздак суу менен жууп, азыктандыруучу крем сүйкөп коюңуз. Бул кургаган, б
БЫРЫШКА КАРШЫ АЗЫКТАР!!!
Бетке бырыштын түшүшү – бул табигый көрүнүш. Бардык адамдардын бетине бырыш түшөт, бирок, кимдир бирөөгө эрте, кимдир бирөөгө кеч. Ал эми бырыштын алдын алуу, анын түшүшүн кечеңдетүү, кыскасы, өзүбүздү канча бир убакка жашартуу – бул өзүбүздүн гана колубуздагы нерсе.
1. КАПУСТА
Жаш көрүнүүнү кааласаңыз, күнүмдүк тамактануу рационуңуздан капустаны үзбөңүз. Француз окумуштууларынын изилдөөлөрү көрсөткөндөй, бул жашылчанын курамындагы лютеин аттуу антиоксидант бырыштар менен күрөшөт. Натыйжалуу жыйынтыкка ээ болуу үчүн күнүнө 10 мг лютеин, башкача айтканда, 57 г капуста кабыл алуу зарыл.
2. БУУРЧАК ӨСҮМДҮКТӨРҮ
Соя, маш, гречка, буурчак сыяктуу өсүмдүктөр биздин орган