Бир кемпирдин жалгыз баласы бул дүйнө менен кош айтышат. Өлгөндөн кийин тигил балага үч периште келишет: Сен жакшы адамсың, бул дүйнөдө жакшы жашап өттүң, сени тигил жакта бейиш күтүп турат, жүр биз менен деп өлгөн баланын рухун ээрчитип жөнөшөт. Бала периштелерди ээрчип үйүнөн чыкса, туугандары менен достору ыйлап турушат. Периштелер айтат, туугандарың менен досторуң үч күндөн кийин сени унутушат. Дагы кичине басышса аялы менен балдары ыйлап турушат. Периштелер дагы айтышат экен, аялың менен балдарың 40 күндөн кийин сени унутушат, аялың бөлөк бирөөгө жар болуп кетет. Дагы кичине басышса байкуш энеси эзилип ыйлап олтурган экен, энесин карап баланын боору ооруп периштелерден сурайт: Энем кан