КӨЧӨ БАЛДАРЫ
1-бөлүм.
Тизелерин кучактап, күчүк сымал бүрүшүп жаткан балакай катуу суукта үшүп ойгонду. Терезеге тигилсе, сыртка иңир кирүүгө да жетишкен экен. Уктаар алдында эки кат свитер кийип, жуурканга оронуп жаткан. Бирок ошентсе да суук жандан өтүп, калтырак басып, тиштери тишине тийбей жатты.
Керебетте жатуудан пайда чыкпайт, балакай турду да үйдүн башка бөлмөсүнө кирип, дасторкондун башына келди. Эки стакан жана бош бөтөлкөдөн башка эч нерсе жок. Ал шкафтын бардык суурумаларын ачып карады. Жок дегенде нандын күкүмү же бир-эки баш картөшкө табылсачы…
Ачкалыктан кезерип, калтырак басып тынчтана албаган балакай эмне кыларын билбей, ачууланып:
Апа, дагы ичкенге кеттиңби! - деп кыйкыры
"ЖЕЛЕДЕГИ ЖУРОКТОР" Ар бир убак өз кезеги менен болот турбайбы. Улам барган сайын социалдык түйүндөрдүн түрү пайда болуп, биринен бири өтүп, улам кызыктар жаралып, атандаштыктар күч алууда десем болот. Мен дагы ошол социалдык түйүндүн мыкты фанаты болгондуктан убагында агенттин популярдуулугу артып турган учурда, бир окуяны башыман өткөрдүм. Бирок тагдырымды талкалап алаарымды эрте билгенимде эмне. Чет жакта, тактап айтсам Сахалинде иштеп жүргөн кезимде “Агент” деген бир шумдук нерсе чыкты. Агентке күн- түнү отуруп, айтор, уйку бетин көрбөй калдым. Кызыгы, бирдигим түгөнүп калса дагы, түн ортосу болсо дагы эшикке чуркап чыгып, бирдик жүктөп келип кыздар менен таанышат элем. Чынын айтсам
МЕЗГИЛСИЗ САПАР
Кайсы эл, кайсы жер экени маанилүү эмес. Бир жаш келин шаардык аялдар түрмөлөрүнүн биринде кылган оор кылмышы үчүн, өзүнүн өмүр бою өтөй турган мөөнөтүн өтөп жүрдү. Бул түрмөдө көп деле чектөө жок болчу. Атайын камераларга түнкүсүн киргизип күндүз аралаш эле жүрө беришчү. Бирок көгөргөн асманды, көркөмдүү айды, кубатынан бүтүндөй жер мээримине бөлөнгөн күндүн көзүн көрө алышчу эмес. Оор кылмыш кылгандар өмүр бою ошентип бир чоң имараттын ичинде ар кандай ыпыластык, кордук, көз боемочулук, зөөкүрлүк, өлүм баары аралаш жашап, анан мезгили келгенде о дүйнө салышаар эле. Андай жерде мезгилсиз өлгөндөр да көп болот. Келиндин бул түрмөдөн чыгып кетүүгө эч кандай мүмкүнчүлүгү