Саламды айт мейли привет орусча
Аликти ал хай деп туруп чет жакча
Бирок такыр унутпагын тууганым
Кыргыз элек ушунчалык болгуча
Мейли кийгин башыңа сен шляпа
Бутуңа да кийип алгын шиш така
Кыргыз болуп калпак эмне билбестен
Кондуруп кой уялбастан панама
Анысы да жетпегенсип кийип ал
Көйнөк эмес бир кездеме илип ал
Шорта кийип ачып алдың саныңды
Кыздар,балдар мени тыңдап угуп ал
Ачык айттым тартынбадым бириңден
Уялбастан ачык-чачык кийинген
Кыргыз элим оңололу бир аазга
Киеличи оймо чийме кийимден
Ак калпакты башыбызга толтуруп
А байбиче ак элечек кондуруп
Кыздарыбыз чачын белге таштабай
Жүрөлүчү кырк өрүмгө өрдүрүп
Армиядага чакырышса качпастан
Кыздар менен жетелеш