Кимдин АПАсы тирүү болсо мен аны чын жүрөгүмдөн куттуктайм жана анын үйүнө эшигинен таалай, терезесинен суук агып кирип жатканын сүйүнчүлөгүм келет. АПАМ менен бирге жүргөндө, жутуп жаткан абам бакыт, ичип жаткан суум бейпилдик. АПАМды көргөндө көйгөйдүн баары эстен чыгып, өзүмдү төгөрөгү төп жандай бактылуу сезем...
АПАМды тамашалап, көңүлүнө кубаныч тартуулагым келет, АПАМ жылмайса мен өзүмдү ушунчалык бактылуу сезем. Азыр АПАМ экөөбүздүн аралыгыбыз бир аз алыс болгондуктанбы сагынуу менен күн өткөрүүдөмүн. Миң чөйрөм жакшы болгону менен АПАМды аябай сагындым, аны менен бирге олтуруп жеген тамактын даамын эч жерден кезиктире элекмин. Бул жашоодо мага туура багыт берип, келечекте өз орду