Сезимдерге кайрылуу
Жүрөгүңдү берип турчу карызга,
Мендей алсыз, мендей шордуу жалгызга.
Жан дүйнөмдүн эрки жетпей баратат,
Ак сүйүүмдүн демин басып алышка.
Түшкөн сүйүү кыял менен жарышка,
Жабыркабай сага жетип барышка.
Кадырлап ал сезим менен аярлап,
Жээрибестен жандап сени алышса.
Жан дүйнөмө гүлдөр эктим жашыруун,
Жетпесин деп көңүлдөргө кайгы-муң.
Унтулбасын өтсө дагы кылымдар,
Бул ыр менин сезимдерге кайрылуум.
Багытсыз баратамын
Дарман жок таарынууга,
Дары жок сагынууга.
Кечигип кезикпедиң,
Ырлар да каршы буга.
Кусалык күбүлүүдө
Себеп жок сүйүлүүгө.
Сезимдер кайра баштан,
Жүрөктү күйгүзүүдө.
Алдастап адашамын,
Ичим чок, сыртым жалын.
Башкарып белгисиз күч,
Багытсыз баратамын.
Юбилейге заказ даяр
Дөөлөткө балкып жүз жашты ашып өтүңүз,
Төрүндө жүрүп урматын уулдун көрүңүз.
Кызматын көрүп кыздардын күйөө балдардын,
Жүз жашта дагы кетпесин ушул көркүңүз.
Далай кыр ашып айылга кадыр-барктуусуз,
Нускалуу сүйлөп суктантып бизди алчу сиз.
Акылман сиздей энеден алып үлгүнү,
Болсок деп тилеп көргөндө сизди калчу биз.
Ден соолук берип жашаңыз кутман куракта,
Тойуңуз болсун жүз жашка чыккан убакта.
Кабылдап кудай бүгүнкү каалоо-тилекти,
Кызматта жүрсүн небере уул-кыз кызматта.
МЕЕРКАНОВА ТУРСУНАЙ
Сабыр берчи
Оо жараткан сабыр бергин мен чыдайын баарына,
Бул жашоодо шугур деймин ар бир аткан танына.
Кыйналсам да ак эмгектин корсот мага узурун,
Дуйном таза барсам экен акыретте алдына.
Оо жараткан сабыр берчи омурумо жеткидей,
Мени оксуткон окунчту кулуп журуп женгидей.
Бул турмуштун тарттырсан да тугонбогон азабын,
Умут узбой куто берем жакшы кундор келчудой.
Оо жараткан сабыр берчи кок дениздей чалкыган,
Ыйманга оро журогумду кек албаймын касымдан.
Аруулагын жан дуйномду аппак суттой кири жок,
Ак мээнет бер чарчабаган адал жугун артынган.