ЭНЕГЕ БОЛГОН СЫЙ.
====================
Жалгыз уулу үйлөнөм деп апасына кабырга кеңеш кылат...Эне жүрөгү сүйүнүп;
-Уулум, сен менин жалгыз медеримсиң. Сенден башка тирегим жок. Бир гана өтүнүчүм бар.
-Апа , кандай өтүнүч?
- Үйлөнгөн күндөн баштап ,таң эрте тура калып эле колума дайыма суу куюп бересиң. Башка эч нерсе суранбайм. Жубайың экөөң каалагандай жашагыла.
-Ой апа, оңой эле нерсе турбайбы -дейт. Ошентип баласы үйлөнөт. Айткандай эле үйлөнгөн күндөн тарта таң эрте туруп, ар дайым апасынын колуна суу куюп берет. Жаңы келин жолдошунун бул кылганына аябай таң калат. Бир күнү “Кой мен деле эрте туруп, апамдын колуна суу куюп берейин. Жолдошум апасын жакшы көрөт экен. Бул үйдө тарбия ушу