*Урматтуу ажарлуу, мээримдүү эжекелер!*
Сиздердин бүгүнкү *8-март аялдардын эл аралык күнү* менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Жаздын жадыраган, таңкы желаргыдай көңүл сергиткен бул касиеттүү күнү аял затынын бактысына жазылгандай.
Балдарын мээримге бөлөп, бөпөлөп өстүрүп, үй-бүлөнүн очогун өчүрбөй түтүнүн булатып, улуттун учугун улап, тукумун үзбөй түмөн түйшүккө кайыл болуп өмүр жолун улаган энелерге канчалык таазим кылсак да аздык кылат.
Талыкпас эмгеги, ар кандай турмуштук кырдаалда сабырдуулугу, чыдамкайлыгы жана акылгөйлүгү менен бүт үй-бүлөгө, бейпилдик менен аруулук алып келген айымдар өзгөчө урматка арзыйсыздар.
Бүгүнкү күндө дагы бардык тармактарда: мамлекеттик кызматта, саламаттыкт