Жылт этип жанып, кайра өчтү үмүт.
Жүрөктү мыкчый кысып ызаа, күйүт.
Арабыз жалын сүйүү болгон менен.
Тагдырлаш боло албадык, болду унут.
Өзүмдү колго алалбай алдан таям.
Түн жабынып, толгонуп ырлар жазам.
Кантсем дагы көкүрөктө өксүгүм бар.
Сизди деген көз жашымды кантип тыям.
Унутууга аргасызмын, айлам барбы?
Кечтим дедим, мажбур гана сүйгөн жарды.
Жолдорубуз эки башка болгон менен.
Тыбырчылап ара жолдо Сүйүү калды.
Нургуль
Жүрөккө бир муздактык уйуп алып,
Оюмду түркүн жака бөлүп салды.
Жашоомо маныз берген бул сүйүүмдөн,
Билбеймин неге мынча көңүл калды.
Токтотуу балким туура, туура эмес,
Кетирген чоон катаага салып элес.
Кечүүгө дитим барып, дитим барбайт.
А балким, ушул тагдыр биздики эмес.
Нургуль
Коë бер, үмүт бербе жаралуу жүрөгүмө,
Шериктеш болдун далай, себепсиз ый-күлкүмө.
А бирок алысыз турам Арада дербиш болуп,
Жолумдан адашкандай, жалгыздап бул дүйнөдө.
Көңүлгө карап гана жургонун байкап койдум,
Кош көңүл мамиленден ишенгин абдан тойдум.
Мен сени бийик коюп, аздектеп суйдум эле,
Сүйүүндү сезбеген соң, сезимди четке койдум.
Нургуль
Сүйүүмдү айта албадым
Үмүттүн чогун жагып, жалындап куттум далай,
Күн бою жолду карап, караанын сенин самай.
Кайрылбай ошол бойдон, таарынып кете бердиң,
А бирок жааным сенсиз жашаймын эми кандай?
Тагдырга таамай карап, таарынып кетем кээде,
Бир болбос жолдорубуз, кал дегин, менден кетпе.
Адамдар түшүнүшпөйт, Сезимдер сересини,
Тек гана карышы чыгат, а менин көңүлүм сенде.
Апамдын сөздөрүнө карышы чыга албадым,
Сагынычым ичке катып, жаныңа бара албадым.
Жулкунуп жүрөк октон чыкчуудай болсо даагы,
Сүйүүмдү ичке катып, мен сага айта албадым.
Нургуль