КАРА МАЙЛУУ САМЫН
Кээ бир косметикалык буюмдар сулуу көрүнүүгө жол ачканы менен, аларды сатып алууга ар кимдин чөнтөгү көтөрө албайт. Бирок, косметикалык каражаттардан кем калбаган жана кол жетимдүү баа менен сатылган кара майлуу самын (дегтярное мыло) бар. Кара майлуу самынга деген кызыгуучулук кыз-келиндердин арасында өсүүдө.
Бул самындын 90 пайызы жөнөкөй самындан, ал эми 10 пайызы кайың кара майынан турат. Дарылык касиеттерге бай кайың карамайы псориаз, дерматит, сөөл жана башка ушул сыяктуу тери ооруларын алдын алып, бактерияларга каршы турат. Кайың кара майы теридеги жараларды алдын алып, жаракаттардын айыгуусуна жардам берип, терини күйүккө кабылганда да жардам берет. Беттеги кара