*Оорукчандарыңарды садака менен дарылагыла*
Бир жигиттин энеси ооруканага түшүп калат. Күндөрдүн биринде дарыгерлер жигитти чакырып: «Апаңдын айыгып кетээрине үмүт жок, абалы аябай оор жана бул жашоо менен кош айтышарына аз күн калды»- дейт.
Жигит апасынын жүзүнө карап көз жашын төккөн бойдон ооруканадан чыгып кетет. Эртеси энесинен кабар алганы келаткан жигит машинасына май куюп алуу үчүн токтоп, май куюп берүүчү жумушчуну күтүп турган кезде картондун астында ачка жаткан мышыктарга көзү түшүп калат. Жанындагы дүкөнгө чуркап кирип, консерваланган балык сатып алып кичинекей мышыктарга берет да ары карай жолун улайт. Ооруканага жетип энеси жаткан бөлмөгө кирсе ал жерде энеси жок болот. Корк