...Жума маарек болсун, урматтуу достор! Аллахтын амирине ылайык бүгүнкү жума намазды да жамаат менен Аллахтын үйүндө окуу шыбагасына туш келдим. Андыктан, кубанычыма чек жок экени талашсыз маселе. Кыскасы, жан-дүйнөм мешке коюлган коргошундай көлкүлдөп, мээ сергиткен сезимдердин кучагындамын. Оору эмне экенин, көйгөй эмне экенин жадыман жууп салгандаймын. Иншаллах! Келечек күндөрүмдө ушундай күндөр мол болсун деген ниетте, жалпыңыздарга ийгилик каалап кетмекчимин...
Москва шаары 23.04.21
Бир туугандай жакын болуп калыпсың! (Якубов Марат Каныбековичке) Жакшы адамды мактоо менин адатым, Жакшы адамсың ачык айтсам Маратым! Сен аркылуу издегеним табылып, Сен аркылуу айыккандай жараатым. Билбейм, неге, бул жашоодо жабыктым, Бир туугандан ай-күнчөлүк алысмын. Бир билгеним жанга ынак туюлуп, Бир туугандай жакын болуп калыпсың. Күндө сени көргөнүмө сүйүнөм, Күндө көрсөм, күндө толот дүнүйөм. Кудайымдан суранганым бир гана, Кут береке үзүлбөсүн үйүңөн. Кайраттуусуң, чечкиндүүсүң жаш туруп, Кадырлашып жүрөлүчү аш сунуп. Жаратканым колдоп бизди ар дайым, Жамгыр сымал жаай берсин жакшылык. Жакшы адамды мактоо менин адатым, Жакшы адамсың аныгында Маратым. Удургуган мезгилдердин шары