Унаа айнегине тиркелген #сүрөт.
Түнү менен интернетте отуруп, чет жерде жүргөн дос-тууган айтор жакын санаалаштарым менен кат алышып, баарлаштым. Жакшы адамдар менен убакыт ушунчалык билинбей өтүп кеткенин өзүн да сезбей каласын демекчи, саат да бир топ убакытка барып калганын көрүп, уйкуга кеттим.
Мына сага...түндөп интернет менен кат алышканымдын кесепети. Эрте мененки чырылдаган “Будильникти” да укпай, уктап калыптырмын. Эхх..ошентип жумушка кечиктим. Жок дегенде кофе ичип кетейин деп, ары-бери чуркап атып, чайнеке суу коюп, бирок токту тамызбай коюптурмун. Бул да болсо шашып, өзүмдү күнөөлүү сезип атканымдын белгисидир деп жоруп койдум өзүмчө. Шашкан шайтандын иши экенин билсем деле