بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Суроо-жооп
Кытай-Араб мамлекеттери саммитинен көздөлгөн максаттар
Суроо: 2022-жылы 12-декабрда «Ал-Жазира» веб-сайты ушул кабар таратты: «Саудия борбору Эр-Риядда жума күнү көптөгөн араб жетекчилери менен Кытай жетекчиси Си Цзиньпиндин катышуусунда Булуң Кызматташтык Кеңеши мамлекеттеринин жетекчилеринин 43-саммити, Кытай-Булуң мамлекеттери саммити жана Кытай-Араб саммити болуп өттү». Суроо: Эр-Риядда Кытай менен Сауд Арабия, Фарс булуңу мамлекеттери жана араб мамлекеттери ортосунда болуп өткөн саммиттерден эмне максат көздөлгөн? Бул саммиттер өзүнүн саясий таасирин кеңейтүү жана өзүн ири эл аралык таасир ээси катары көрсөтүү үчүн эл аралык көп полярдуулук