*Илим алуу* *пайдалуубу?* *Же байлык топтоо пайдалуубу?*
1) Илим алуу пайдалуу, анткени, илим Пайгамбарлар( а.с)дан калган мурас,
ал эми байлык ачкөздөрдөн калган мурас.
2) Илим пайдалуу, анткени илимдүүнүн
жанында чынчыл адамдар болот,
ал эми байдын жанына жалганчылар топтолот.
3) Илим досту көбөйтөт, байлык касты көбөйтөт.
4) Илимди иштеткен сайын көбөйөт, байлыкты иштеткен сайын азаят.
5) Илимди, ууру, кескинден коргоонун кереги жок, ал эми байлыкты коргоп жүрүп өмүрүң өтөт.
6) Илим үчүн эсеп - кысап болбойт , ал эми байлыктын сурагы оор болот.
7) Илими көпкө эл кызыгат, ал эми байлыгы көпкө эл кызганат.
8) Илим көп болсо да ирип - чирип кетпейт, ал эми байлык ирип - чирип ша
*АПАМ КИМГЕ КЕРЕК?*
Ресторандагы эки жаштын үйлөнүү- улпөт тоюнда келин менен күйөө бактылуу сезимдердин кучагында олтурушкан эле. Ортодо болсо жигиттин апасы кубангандыгынан бийге түшүп, эл- журт, урук- туугандар анын жанына барып, жоолугунун четтерине акча кыстарып жатышкан. Жигиттин апасы туура жарым сааттан ашык бийледи. Бул көрүнүш төрдө олтурган келинге анча жага бербей, күйөөсүнүн кулагына:
*-Апаңызга болду, жетишет деп айтыныз, тойдо бийлейбиз деп келген кадырлуу коноктор көп.*-деп шыбырады. Күйөө өзүнүн сүйүктүү жарына мыйыгынан күлдү да, ордунан козголуп туура апасына карай кадам таштай баштады. Тойдо олтургандардын баары "баласы апасын куттуктоо үчүн келе жатат" деген