ЛАВРОВЫЙ ЛИСТИН ПАЙДАЛАРЫ Тамак-ашка колдонууда Лавр жалбырагын биринчи тамактын бышарына беш мүнөт калганда, ал эми экинчи тамактын даяр болушуна он мүнөт калганда саласыз. Тамагыңыз бышкан соң жалбыракты алып салганыңыз дурус. Себеби ашыкча кычкылдыкты бөлүп чыгарат. Жагымсыз жыттарды кетирет Эгерде сизди оозуңуздан чыккан жагымсыз жыт же болбосо бүйлөлөрдүн сезгенүүсү ойлондуруп жатса, бир күндө бир канча жолу жалбыракты чайнаңыз. Эскерте кетчү нерсе, лавр жалбырагын чайнагандан кийинки бир саат аралыгында эч нерсе жегенге болбойт. Бутуңуз бат тердеп, жагымсыз жыт чыгып турса, анда жарым литр сууга 20 даана жалбырак салып беш мүнөт кайнатасыз. Андан кийин дагарага куюп, жылуу те