Китептин толук аты "Ал Жаамиьул важииз", автордун толук аты "Имам Хафизуддин Мухаммад бин Мухаммад бин Шихааб ал Кардарий Ханафий, Ибн ал Баззааз деген ат менен белгилүү болгон. 827-хижрада акырет сапарына узаган. Аталган китепти Фатаава жана Ваакиьаат китептеринин каймактарын калпып алып, белгилүү китептерден терип жазган. Далили күчтүү маселеге таржих берип жан тартып, ынсаптуулук менен жазылган адеми көркөм китеп. Китепти 812-хижрий жылы жазып бүтүргөн. (Кудайым, менин китептеримди бүтүрүүмдү да насип эткейсиң). Аалымдар айтышат: Бул китеп, маселе таппай карайлаганда, жооп таппай алдастаганда төтөк болчу, кайрылып барчу китеп. Белгилүү Муфтий Абу Суьуудка, "Эмне үчүн зарыл маселелерди чог
Мааниси: Ким Нооруз урматына аларга белек берсе алардын майрамын колдогондой, аларга көмөк көрсөткөндөй, адашуусуна жол ачып бергендей болот.
3. Мусулман пенде Нооруз күнү башка мусулманга белек берсе, ниетинде Ноорузду аздектөө эмес, жөн гана бир туугандык сезим менен, үрпкө айланган (мисалы ай сайын беришип жүргөн болсо) адаты менен берсе, аны менен (ыймандан чыгып кетпейт). А бирок ошол күнү белек беришпегени жакшыраак. (Ыймансыздарга) окшошуп калбоо максатында белек берүүнү андан мурда, же андан кийин ишке ашыргандыгы макул... (Маселе Татаархаанияда да айтылган (5\354).
4. Имам Абу Хафстан риваят: "Ким Кудай Таалага элүү жыл ибаадат кылып, андан соң Нооруз күнү келип кээ бир мушриктерг
Фыкых аалымдарынын сөзүнө кулак салсак:
• Фатаавал Баззаазияда (6\333-334) мындай айтылат:
1. Мажуустардын (отко сыйынгандардын) ноорузуна чыгуу, ошол күнү алар жасаган нерселерди кошо жасап аларга окшошуу, алардын кылык-жоруктарына ылайык болуу – (ыймандан чыгуу). Көбүнчө ошол динде болуп, андан кийин мусулманчылыкты кабыл алгандардан көп кездешет бул сыяктуу окуялар. Алар ошол күнү Нооруз майрамдагандар менен чогуу майрамдашып жүрө берип, (ыймандан чыгып кеткендерин) өздөрү да баамдабай калышат.
2. ...Ноорузда нооруз урматына бир жумуртканы белекке берсе (ыймандан чыгат). Ал эми нооруз майрамдаган мажуустар ошол күнгө даярдаган даамдарынан мансаптагыларга, тааныш-туунуштарына белекке бе
Айтылган эки майрам жакшы эмес майрамдар. Чыныгы жакшы майрамдар Курман айт менен Орозо айт майрамы. Кудай Таалам эки жаман майрамдын ордуна эки жакшы майрамды алмаштыргандыгын Пайгамбарыбыз алайхис салам кабар берди.
• Нооруз, Михиржан жана башка мусулман эместердин майрамдарын, майрамдоого, аздектөөгө шариатыбыз тыюу салат.
Хаафиз Ибн Хажар Шаафеьий мындай дейт: "Мына ушундай кемчиликке мисирликтер да туш болуп олтурушат. Себеби көпчүлүк мисирликтер жөөттөр менен тарсалардын (християндардын) майрамдарына шериктеш болушат, алар майрамдарын кандай таазим кылышкан болсо, булар да ошентишет, ошол күндөрү жасанып кийинишет, жакшы даамдар менен дасторкондорун кооздошот, айтор (ыймансыздар) эмн
• Нооруз түпкүлүгүндө перс элдеринин тилинен алынганда "нуу" жаңы, "руз" күн деген маанилерди ичине камтып, жыйынтыгында жаңы күн дегенди туюнтат. Күн менен түн теңелген күнгө айтылып, күн календары боюнча жылдын биринчи күнү деп таанылат. Хижрий жыл эсеби мухаррам айынын биринен, Григорий (мийладий) жыл эсеби январдын биринен башталгандай эле мааниге ээ.
• Михиржаан болсо күздөгү күн менен түн теңелген учурга туш келген күндү белгилөө болуп саналган. Ошондой эле аба-ырайынын да орточо болгон, жыл арасындагы суук менен ысыктын так ортосуна туш келгендиги менен да өзгөчөлөнөт.
• Байыркы фалсафачылар жогоруда айтылган себептерден улам өздөрүнө майрам катары кабылдаган болуу керек деген божом
Азирети Имам Насааий "Сунан суграа" (1557) жана Абу Дауд "Сунан" китебинде (1134) сахих иснад менен бул риваятты келтиришет. Анда, Азирети Анастан мындай айтылат: Пайгамбарыбыз алайхис салам Мадийнага хижрат кылып келген убакта, Мадийналыктардын бир жылда эки күнү бар эле. Мына ошол эки күндү алар оюн-күлкү менен өткөзүшөөр эле. Пайгамбарыбыз алайхис салам алардан сурады: "Бул эмне болгон эки күн?". Алар: "Нааданчылык (Исламга чейинки) доордон бери ушул эки күнү оюн ойноп, көңүл ачабыз!", дешти. Пайгамбарыбыз алайхис салам айтты: "Аллах Таала бул эки майрамыңардын ордун, эки жакшы майрам менен алмаштырды. Алар Курман айт менен Орозо айт".
Хадиске шарх бергенде Мулла Алий Каары Ханафий Мишка