“Ата-Бейит” комплексинде Баткен облусунда өлкө чек арасын коргоодо курман болгон аскер кызматкерлери үчүн митинг-реквием өтүп, танктын ичинде тирүүлөй өрттөлгөн экипаждын үч мүчөсүнүн сөөгү жерге берилди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда бүгүн, 26-сентябрда, “Ата-Бейит” Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде 2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуялардын жүрүшүндө курман болгон УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери – танк экпиажынын мүчөлөрү Шерали Анаркуловдун, Санжарбек Анаркуловдун жана Жаңыбай уулу Тилектин сөөгү жерге берилди. Экипаждын үч мүчөсү аткылоонун натыйжасында танктын ичинде тирүүлөй күйүп кетишкен. С