"Кусалык"
Кусага жүрөгүм толуп турат,
Сагынып сени күтүү болду адат.
Саргайган жалбырактай соолуп барам,
Кеч күздө жалгыз калган жалгыз дарак.
Мен турам айды карап ойлор курчап,
Жүрөктү сезимдерди алдын арбап.
Күн өтүп барган сайын алсырадым,
Сага деген тарабай сагынычым...
Элесин көрүнсө түшүмдөн,
Адам барбы деги мени түшүнгөн.
Бул эмнеси? Бул сүйүүбү азгырган?
Жан бар бекен сени мендей сагынган..
Аvtor: Sezim Alybaeva...