Белгисиз автор.
Сапарлашымдын аңгемеси
Ушудан бир жыл мурда, жаз айы. Кызым экөөбүз поюзга чыктык. Астыңкы орунга билет алганбыз, кызымдын орунунун жогорусуна бир апа орун алган экен. Жогоруга чыгып түшкөнүн байкаган кызым, мама, мына апа менен алмашып алайынбы деди. Макул дегеними уккан апа алкышын жаадырды. Орозодон кийинки күндөр эле, карызым бар эле деди, оозу жабык экен.
- Кызым, бактылуусуңбу? - деп сурады, апа бир кезде. Бир аңгеме айткысы келип отурганын сездим.
- Ооба, Бактылуумун деп айтайын дедим да, апамдын сөзү эсиме түшүп кетти.
"Бактысыз жандардын жанында өзүңдүн бактылуу экениңди айтып мактанба, жандары жабыркап калааар" дечү апам.
- Шүгүр, апа. сутканын жартысы күн, жартысы түн го дедим.
- Менин сени менен тең курактуу кызым бактысыз. Үч уулдан кийинки ары кенже, ары эрке кызым эле. Жакында күйөөсү кайтыш болуп, ата-энеси керексиз адамдай кууп чыгышты. Ошого квартира таап берип, бир аз күн балдарына каралашып келе жаткан жайым бул, -деди.
Үйүмө деле батаар эле, келин менен батышабы жокпу ким билсин, өзүбүз өз үйүбүздө артык болуп калабыз кээ кездери, эки бала менен кайдан жактырсын келин.
- Апа, балдарына өмүр берсин, кыжаалат болбоңуз, - дедим не айтаарымы билбей.
- Эээ, тирүү адамдын тирилиги уланаар, уул кызы өсүп катарга кошулаар. Мени кыжаалат кылганы бул эмес, жанымды жегидей жегени анын бактысыздыгына менин күнөөлүү болгондугум.
Жаш келинчек элем. Эл катары өмүр сүрдүк. Үч уулум бар, коңшуларым да жакшы жандар. Эки үйдөн кийинки өзүмдон эки жаш кичүү келинчек, күйөөсү кайтыш болуп бир кыз бир уулу менен турчу. Акылдуу, сабырдуу, сулуу эле. Коңшулардын баары жактырып, күйөөм керек болсо мактап отурчу. Мен ичимен коңшулар аны мактап атса кызганыч менен карачумун. Үч жылдай коңшу болуп турдук, кийин ал көчүп кетти. Ошол үч жылда анын боюнан дайым кемчилик издеп жүрдүм. Аны менен бир жерде отуруп калсам күйөөм тууралуу, бала-чакам тууралуу айтып мактанчымын. Ал ошондо да күлүмсүрөп гана койчу. Ага ансайын жиним келчү. Ага карап бир эркек саламдашса,бул ким, таанышыңбы, жакшы аралашасыңбы деп тырмак астынан кир издечүмүн. Бир күнү базарда жолугуп калдык.
Алма алып атсам, ал да келип калды да экөөбүзгө кошуп төлөдү. Өзүм дей бергенимче, сиз мага коңшу болуп канча жакшылык жасадыңыз. Мен көчүп бара жатам, чоң белек бере албадым, жок дегенде алма алып берейин деди. Өзүм мардайып турдум, жакшылыктарым Алладан кайткандай.
"Сиз мага күйөөсүз өмүрдүн кандай кыйын экенин, жесир аялдын эч бир эркекке саламдашуусуна болбой тургандыгын үйрөттүңүз. Алкышым чексиз," - деп жашка толо кареги менен караганы али эсимде. Ар бир алма жеген кезимде ошол келинчек эсиме түшчү. Кийинчерээк унутуп кеттим. Арадан бир аз жыл өткөндө мына окуя. Кызым менен сырдаша отуруп кайра эсиме түштү.
- "Мама, күйөөсү бар келинчектер күйөөсүн айтып мактанганда, кээ бири күйөөлөрүн кызганганда жүрөгүмөн кан агат, мама," - деп өз кызым ыйлаганда, өз кызымдын тагдырын өзүм жасап бергенимди түшүндүм. Мен бакыттан башым айланып чалкып өмүр сүргөнүм беш тыйын, балдарым менин каталыгыма жооп бергени мени он жылга картайтып жиберди, кызым. Бир өкүнгөнүм баягы келинчектин каякта экенинен кабарым жок, кечирим сурап да үлгүрбөдүм. Мына көз алдыңда кулпуруп өсүп келе жаткан балдарыңын келечеги жаркын болсун десең ар бир ишиңе, ар бир сөзүңө абай бол, кызым," - деп сөзүн аяктады апа.
Ооба, апанын айтканын айткан сөздөрү дале эсимде. Эээ, ооз өзүмдүкү өз күнөөмө өзүм жооп берем деп ооз толтура сүйлөйбүз. Бирок, кээде биздин каталыгыбызга балдарыбыз жооп берип калаарын да эскере жүрсөк...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев