Үйлөнүү тойго чакыруу алган бир киши ресторандардын бирине кириптир, кирип караса эки эшик бар экен биринде "Келиндин туугандары үчүн" экинчисинде "Күйөө баланын туугандары үчүн" деген жазуулары бар экен, "Күйөө баланын туугандары үчүн" деген эшиктен кирип бир канча кадам жүрсө, дагы эки эшике туш келиптир биринде "Аялдар үчүн" экинчисинде "Эркектер үчүн" деген жазуу бар экен "Эркектер үчүн" деген эшиктен кирип, бир канча кадам жүргөндөн кийин жана да маңдайынан дагы эки эшик турат биринде "Белек алып келгендер үчүн" экинчисинде "Белек алып келбегендер үчүн" деп жазылыптыр, "Белек алып келбегендер үчүн" деген эшиктен кирип бир канча кадам жүргөндөн кийин көчөгө чыгып калыптыр))
Жиндиканада жиндилер дубалдан сыртка секирип чыгып кайра секирип кирип жатканын коргон шефи:эмне кылып жатасынар десе-дубалдан секирип уйронуп жатабыз эртен баарыбыз качабыз дейт.Кечинде шеф дубалды кулаттырып салат.Эртеси шеф келсе жиндилер кулаган дубалдын жанында турушат.Шеф:эмнеге качкан жоксунар десе жиндилер:секирейин десек дубал жок экен кантип качабыз анан?
#СуперАнекдотыhttp://ok.ru/anekdott
Аялы күйөөсүнө:
- Мен кеттим. Тажадым сенден.
Күйөөсү:
- Кеттим? Оо жарыктык, ушул сөздү айтаар кунүң да болоор экен го? Кетебер!
Аялы:
- 5 сом бер, жол киреге.
Күйөөсү:
- Ме алагой.
Аялы жөнөп баратып эле кайра кайтып келип күйөөсүнө:
- Келе дагы 5 сом.
Күйөөсү:
- Эмне маршуртка 10 сом болуп калыптырбы?
Аялы:
- Жок, кайра келип калышым мүмкүн...http://ok.ru/anekdott