Шайтан зээриккенинен көпүрөнүн жанына келип азыр ким көпүрөдөн өтсө аны сууга түртүп бир аз көңүлүмдү ачайын деп ойлонот. Ойлонуп бүткүчө эле орто жаштагы эркек көпүрөгө келип калат. Мына-мына көңүлүмдү ачайын, сууга түртүп жыргайын десе эле ал адамдын жанына жолой албай коёт. Миң аракет кылса дагы шайдандын ойу ишке ашпайт, себеби ал адамга эртең менен жумушка кетээрде аялы "бүгүнкү күнүң ийгиликтүү болсун, Кудайым жолуңду ачык кылсын" деп бата берип узаткан болот.
Шайтан үмүтүн үзбөй башка адамдарды күтөт. Бир маалда студент бала көрүнөт, ал көпүрөнүн ортосуна келгенде түртөйүн дейт. Дагы эле адамдын жанына жолой албайт. Көрүнбөгөн дубал шайтанды тосуп калат. Ал көрүнбөгөн дубал энесинин
*Ата, апа, эшек деп көп тилдечүңөр эле, эшек болуп чоңойдум*
“Эшек!”, “Кебетең кантет, чочко!”, “Ары турчу, колуңан бок да келбейт!”, “Айтканды укпайсыңбы, сөзгө аралашпай жөн тур” ж.б. Бул сөздөрдү бир күндө миң жолу укчумун. Ата-энем турса да, мээримге зар болуп чоңойдум. Алар мени эркелетип, жакшы көрөрүн айтышчу эмес.
Кичинемде көз жашымдын баарын төгүп койгон окшойм, азыр ыйлай да албайм.
Кокустан чыны сындырсам же тамак төксөм, дароо бекиткенге шашчумун. Байкалбай калсам, кудай сактады, болбосо токмок жечүмүн. Бара-бара жалган сүйлөчү болдум. Атайылап эмес, алардан коркконум үчүн калп айтчумун.
Атам менен апам эшек десе, чындап эле эшек окшоймун деген ой келээр эле. Классташтарымды
Жалгыз калган карыя. Бөлмөдө жалгыз карыя. Үстүндө көп жылдан
бери түшүрбөй кийип жүргөн эски чапаны.
Адаттагыдай өзү менен өзү сүйлөшүп отурат:
- Оо Кудай ай! Дагы жарык өчтү. Бул кандай
болгон караңгылык, туруп туруп эле адамдын
үшүн алгандай. Билбейм, бул караңгылыкта абалыбыз ушунчалык болсо, кабырдагы
караңгылыкта абалыбыз кандай болот.
Коюлган жеринде турган ширенкенин кутусун
карылыктын айынан көпкө издеп, араң тапты.
Аны кулагынын түбүнө алып келип шыгыратып
көрдү. «Ширенкени болсо таптым. Бул жерде бир шам бар болушу керек. Ии... Таптым, таптым»
Шамды күйгүзөрү менен карыган чоң атанын
эсине балалыгы түштү. Ууртунан жылмайды.
Бирөөгө айтып
Жаш жигиттин окуясы.
“Мен Аллахтын динине кайдыгер караган адам элем. 2000 - жылдары Рамазан айы келгенге чейин мен мечитке барчу эмесмин. Күндөрдүн биринде үйдө уктап жатып, таң калыштуу түш көрдүм. Түшүмдө өзүмдүн керебетимде өзүмдүн уктап жаткандыгымды көрдүм. Аялым келип, мени ойготуп атты. Мен андан: “Эмне болду?”-деп сурасам, бирок ал негедир мени укпайт. Мени кайра-кайра ойготуп жатты. Мен андан кайра-кайра “Эмне болду?”-деп сурасам ал менин сураганымды укпайт. Менин ойгонбогонумду көргөн аялым бир убакта чочуп, агаларымды чакырып келди. Бир кезде врач келип, мени көрө баштады. Мен врачтан: “Эмне кылып жатасың?”-десем, ал да укпайт. Мени текшерип көргөн врач агаларыма менин өлгөндүгү