13-МАРТТА ДҮЙНӨ САЛГАН ДОСУМ ЖУСУПБЕКТИН ЭЛЕСИНЕ
Жарашкан көңүл жай болбой,
Жүрөккө сокку болгондой .
Кайгырдым эстеп өзүңдү,
Арадан кеттин болжошпой .
Урматка бөлөп өзүңдү,
Жүрчү элең досум көңүлдүү.
Ажалдын түшүп торуна,
Алдыбы бизден өзүңдү.
Эсили кайран жан досум,
Көргөздү дүйнө кордугун .
Көмүскө кеттин бөлүнүп,
Көөдөндү тартып боштугун .
Сен ашкан белес жер калды,
Агайын тууган эл алды .
Арманын айтса түгөнгүс,
Асылдуу жарың уул калды .
Неберең калаар сени издеп,
Чон атам кайда кетти деп .
Жол карайт сени зарыгып,
Бакчага качан келет деп .
Үшкүрүк тартат көөдөндөн,
Урматтап даайым сый көргөн.
Досторун калды кайгырып,
Чыгарбай сени көңүлдөн.
Алтымыш деген аз э