"Уул" (аңгеме)
Автор: Тазагүл Сагымбаева
25-бөлүм
- Кореяга кетип жатам. Жакшы жумуш бар дешти. Маянасы да жогору экен.
- Кореягабы? - Канымжан ыйлап жиберчүдөй көздөрү жашылданып, үнү дирилдеп кетти.
- Эмне мынча таң калдың? Мага окшогондор эле иштеп жүрбөйбү.
- Жок, байке, сизге окшоп үйдүн жалгыз уулу болгондор ата-энесин таштап коюп жылдап жер кезип кетишкен жок. 10 жылдан ашык убакыттан бери эки гана жолу айылга бардыңыз. Байкуш апам көзү талып жол кароо менен өмүр кечирип келатат. Каргадай болгон небересин караан тутуп бир үйдүн тиричилигин жалгыз өткөрүп жатканына бооруңуз оорубайбы? Атам байкуш сизди күтүп жүрүп оо дүйнө аттанып кете берди. Жок дегенде топурак салып калсын деп эк
"Уул" (аңгеме)
Автор: Тазагүл Сагымбаева
24-бөлүм.
Канымжандын жүрөгү чыдабай жетип барып Ангелинаны колдон алып сыртка жетеледи. Кичинекей кыз да моюн толгобой улам кылчактап ата-энесин карап коюп баратты. Эшикке чыгып терең дем алып, моюн орогучун бошотту. Өзүнөн өзү деми кысылып, башы дүңгүрөп чыкты. Жалдырай тиктеген бейкүнөө наристеге тике карай албай көзүн алып качты.
- Кечир мени, кандай болгон күндө да сен Имаштын кызысың,- эңкейип кызды бооруна тартып, чачынан сылады.
Имаш ДНК тесттин жыйынтыгы жазылган кагазды аялынын көзүнө такады.
- Читай! Читай говорю!
Өңү бир кызарып, бир бозоргон Наташа жерге тизелеп отура калып күйөөсүнүн бутун кучактады.
- Прости, Имаш, прос
"Уул" (аңгеме)
Автор: Тазагүл Сагымбаева
23-бөлүм
Өзүн тирмийип тиктеген карындашын көрүп тайсалдай түштү. Канымжандын көзүнүн тереңиндеги өжөрлүктү, өзүнө болгон ишенимди байкады.
- Көрөбүз го, азырынча эч нерсе дей албайм. Эми мен барайын,- Имаш ордунан туруп кетмекчи болду.
- Ошондо эмне кылмак болдуңуз? Качан айтасыз Наташага?- Канымжан чыдамы кетип бызылдап жиберди. Жооп бергендин ордуна телмирип тиктеген жигит бурулуп алып коштошконго да жарабай чыгып кетти.
- Эмне деген адам болдуңуз? Намыс деген кайда калган сизде? Ушул кантип болсун!- агасынын артынан кыйкырган Канымжан айласы куруп столду чаап-чаап жиберди да, башын мыкчып отуруп калды.
Алдындагы кофени тынымсыз аралашт
"Уул" (аңгеме)
Автор: Тазагүл Сагымбаева
22-бөлүм
- Канымжан, өтө опурталдуу ишке баш байлап алдың. Аягы жакшы бүтсүн да эми,- Марал санааркай сүйлөдү.
- Эже, сиз мага байкемдин дарегин бериңиз. Азырынча башка нерсе суранбайм. Мүмкүн кийинчерээк.
- Абайла, сабырың жан жолдошуң болсун,- артынан узата караган аял акырын күбүрөп дуба кылды. Канымжан дарек жазылган кичинекей баракты улам карап, алдыдагы жолугушуу кандай болоорун элестете албай жүрөгү опкоо лжуп баратты. Мына, агасы жашаган үй. Кайсы батирде жашайт экен деп ойлоп көп кабаттуу бийик үйгө бир сыйра көз жүгүртүп алды. Терең дем алып, телефонун колуна алды да, кагаздагы номерди терди. Чакыруу кетти.
- Ало,- агасынын үнүн жазба
"Уул" (аңгеме)
Автор: Тазагүл Сагымбаева
21-бөлүм
Күн уясына кызарып батып баратты. Карыя ордунан туруп айланага астейдил көз чаптырды. Адамдын жашоодогу сапарынын акыркы аялдамасы ушул жерден бүтөт тура. Мына бүгүн Бостонду да түбөлүк жайына тапшырып, калың эл кайра айылды көздөй агылып бара жатат. Ар жолу көрүстөнгө келген сайын мүмкүн кийинки жолу ушул эл мени ийиндеп көтөрүп келип жашырып кетишер деп ойлонот. Карыяны Бостондун өлүмү катуу кайгыга салды. Жолуккан жерде экөө чер жазыша сүйлөшүп көпкө отурушчу. Баарынан Бостондун бирөөнүн акысын жебегенин, чындык үчүн чыркырап жанын бергенин бийик баалачу. Бала-чакасынан сый көрүп, төрдө ысык чай ичип отураар мезгилинде минтип акка мо
"Уул" (аңгеме)
Автор: Тазагүл Сагымбаева
20- бөлүм
Жүрөгү бир жамандыкты туйгандай деми кысылып, энтигип чыкты. Ушул бойдон кете берерин же жашаган жерине барып кийим-кечесин алмаштырып жөнөшүн билбей эки анжы болуп турду. Бир нерседен кечигип кала тургансып, ичиндеги түшүнүксүз бир сезим муунтуп жатты. Кеттим деди акыры. Түз автобекетке жөнөдү. Айылга кетчү таксилер турган тарапка баратып айылдашы Русланды көрүп калды.
- Руслан, кандайсың? Айылга кетесиңби? Мени атам чакыртыптыр. Шашылышмын, батыраак жөнөсөң жакшы болот эле.
- Кетем, эжеке, өзү да жөнөгөнү тургам. Отуруңуз,- Руслан Канымжанды көрүп алдастап кетти.
- Кардарың жок тура. Али көп күтөт окшойсуң. Мен эртерээк жөнөгөн би