Лагман
*.Лагман дунган тилинен которгондо"люмян" – "созулган камыр" дегенди түшүндүрөт. Андыктан биринчи кезектеанын камыры ойдогудай болушу шарт. Камыр үзүлбөй тегиз чоюлушу үчүн жогорку сорттогу ундан жасоо керек. Тузун азыраак кошсоңуз камыр үзүлбөй жакшы чоюлат.*.Камыр серпилип турсун десеңиз, бышкан соң муздак сууга бир малып алып, тактайдын үстүнө жайып, өсүмдүк майы менен майлап, муздатуу керек.*.Лагмандын шорпосун түбү калың, чоюнказанда жасасаңыз жашылчалар тегиз куурулуп, сапаты сакталат. Эгер мындай казан жок болсо, түбү калың мискей алганыңыз оң.*.Бул тамак үчүн этти туура тандоо да керек. Уй, кой эти мыкты азык болуп бере алат. Эт жашылчалар менен бир убакта бышсын десеңиз, а