БЕТТЕГИ КАРА ЧЕКИТЧЕЛЕРДИ ЖАНА БЕЗЕТКИЛЕРДИ ЖОК КЫЛУУЧУ ОЗГОЧО МАСКАЛАР!!!
Майлуу бет- май бездеринин катуу иштешинин натыйжасында пайда болот. Түтүкчөлөрү кенен, майлуу бет апельсиндин кабыгына окшоп турат. Кээде алардын майда кошумча тешиктери тарып, чаң толуп кеткенде, бетте кара чекиттер – комендондор пайда болот. Ал эми беттеги тешиктерге бир аз эле жугуштуу микробдор кирип кетсе, безеткилер чыга баштайт. Аны сыгып салууга болбойт. Себеби, ырбап отуруп, андан да чоңоюп кетиши мүмкүн. Майлуу бет безеткиге жакын болгондуктан, ага кам көрүүнү жаш кезден эле баштаган оң. Майлуу беттин кургак беттен айырмасы – ал калың келип, одуракайыраак тартып, бат эле жалтылдап майланышып кетет. өтө м