*Бүгүнкү келин эртеңки кайнене*
Азыркы келиндер буйруса эртең эле кайнене болосуздар. Ошондо эсиңерде болсун:
1. Эч качан уулуңарды кызганбагыла. Себеби кайнене менен келин эч качан бири бирине конкурент боло албайт. Апасы биринчи орунда, аялы экинчи орунда болуш керек деген позиция туура эмес. Мейли апа катары сиз уулуңузду 9 ай көтөрүп, төрөп, далай түндөрдү уктаган жоксуз. Мейли уулуңуз чоңойгуча курсагын тойгузуп, кийимин белендеп, окутуп бутуна тургуздуңуз. Бул сиздин милдетиңиз. Бирок келген келин уулуңуздун тукумун улайын деп келди, анын балдарын - сиздин неберелериңизди келин дагы бели сыздап 9 ай бою көтөрүп, аларга жашоо берип, буттарына тургузат. Жаратылышты карап көрсөңүз ар бир