#Өттү тазалоо ыкмасы
Өттү үй шартында тазалоого болот. Ал үчүн 40 грамм гречкага 1 стакан суу куюп, жай отто 20 мүнөт кайнатасыз. Кант менен туз кошууга болбойт. Аны жылуу бойдон ач карынга жеш керек.
Андан соң бир жарым саат оң жак бөйрөгүңүз менен жатыңыз, жылуу оронуу керек. Боор тушуңузга ысык грелка коюңуз. Ушундайча айына эки жолу жасап турсаңыз, өт коюланбайт, ага туз менен кум жыйналбайт.
Ал эми өт жакшы иштеп турса, тамак-аш организмге туура сиңип, андагы бардык пайдалуу заттар сизге кубат берет.
Организмдеги кээ бир тынчыңызды алган оорулар, тагыраагы ашказандын кыжылдоосу, тамактын сиңбей калуусу, дененин оорлошу, дене табыңыздын көтөрулүп кайра түшүшү, ичтин катышы, уйкусузду