Атабыз КАЛМАНБЕТОВ УЛУКМАН (08.03.1947-ж. КЭР - 15.05.2016-ж. Бирлик) Билими толук эмес орто, улуту кыргыз. Эмгек жолун 1964-ж. Түп районунун "Заря" колхозунда койчунун жардамчылыгынан баштаган.1967-69 ж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1970-ж. "Заря" колхозунда чабан болуп иштеп баштаган. Чабан болуп иштеген убакта атабыз ак ниеттүүлүк жана берилгендик менен иштеп, ар жүз тубар койдон 155 тен козу алууга жана 5 кг жүн кыркып берүүгө жетишкен. Жаш болсо да эмгектеги жогорку көрсөткүчтөрү үчүн 1977-ж. СССРдин Комсомолдор сыйлыгынын лауреаты болгон.ВЛКСМ Борбордук комитетинин Ардак грамотасы, 3-даражадагы "Эмгек даңкы" ордени, СССРдин Эл чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн (