Кадыр түндү тосуучу адамга 10 насаат:
1) Акыркы он түндү уйкусуз өткөрүү;
Пайгамбарыбыз акыркы он түндү тирилтип тахажжуд, намаз, зикир, дуба кылуу менен өткөзөт эле. Айша (радияллаху анха) энебиз риваят кылат: «Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) акыркы он күндүк киргенде, ыштанын (ычкырын) бекем байлап, (т.а. аялдарына жакындабайт эле) түнүн уктабай өткөрчү жана үй-бүлөсүн ойготот эле» (Бухарий жана Муслим)
2) Үй-бүлөгө жакшы амалдарды кылууга көмөк көрсөтүү;
Абу Зарр (радияллаху анху)риваят кылган хадисте «Пайгамбар 23, 25 өзгөчө 27 -түнү үй-бүлөсүн, аялдарын ойготуп тургузаар эле»,- деген. Бул нерсе Пайгамбарыбыздын Кадыр түн үмүт кылынган так түндөрү тургузгандыгына далалат кы