УГУП АЛ
Учугум узун саптадым,
Уулум сен үмүт артканым.
Убайга мени түшүрүп,
Жамандын жолун баспагын.
Кооздоп бир мончок таккамын,
Кудайдан тилеп тапкамын.
Тигинин кызы дегизбей,
Намысың бийик сактагын.
Улууну кагып урушпа,
Кол кабыш кылгын жумушта.
Батасын алсаң жетесиң,
Улгайган жашка буюрса.
Жөнөкөй , чынчыл, калыс бол,
Жасалма эмес, нагыз бол.
Жалыны бар жүрөктө,
Журтуңа бийик намыс бол.
Булактай таза, таттуу бал
Кыз бала заты назик ал.
Жарыңды табып жаңылбай,
Келечек уяң куруп ал.
Адалдан болсун тапканың,
Эмгектен такыр качпагын .
Жалкоолук жаман адаттан,
Алыс бол бекер жатпагын.
Акылды өстүр, билим ал,
Жашыңда көптү билип ал.
Китеп менен дос болуп,
Устаттардын тили
Көңүлүм ооруйт , билбеймин неге, түшүнбөйм
Көөдөнгө ойлор сыялбай калган үчүн бейм.
Гүлдөргө окшоп жамгырды күткөн асмандан
Ачылбайм дагы , саргарып ,соолуйм, үзүлбөйм.
* * * *
Ишенбейм эми, айтпагын жашоо жомогуң
Махабат аруу, таптаза , кирсиз болоорун.
Жашабайм эми жүрөгүм болду кирдетип,
Жалгандын сүртүп сезимге ылай боегун.
* * * *
Жылдарым калды , жүдөткөн даңгыр жолу жок
Жүдөдүм , чөктүм, ,бирөөгө жаман ою жок.
Жарылып чыккан ,үшкүрүк сымал ыр жаздым,
Жашаймын эми,, шүгүр деп болбой обу жок.
Автор : Света Туганбаева
КУТМАН ТАҢ!
Кечиримдүүлүк, сабырдуулук,мээримдүүлүк,береке жана жакшылыкка толгон убакыттардын эң касиеттүүсү, он эки айдын эң кайрымдуусу Рамазан айы да мына бүгүн аяктап жатат.
Кармаган орозолорубуз, тилеген тилектерибиз кабыл болсунАр бир үйдө жакшылыктын жышааны жаңырып,бакыттын гүлү ачылып, эл-журтубуз, жакындарыбыз менен амандыкта кийинки орозо айын күтүп алуу насип кылсын.
КАБЫЛ БОЛСУН
Тил, көздөн тыйылып баардыгыбыз,
Берекелүү болсун таткан саарлыгыбыз.
Миң шүгүрлөр тосконго да бир таңды,
Бакыт тура жөн гана барлыгыбыз.
Таңдан кечке өзүбүздү тыйганыбыз,
Жүрөккө сооп иштерди кылганыбыз.
Жуугандай жан дүйнөнү ыйман менен,
Жаратканга көпүрө курганыбыз.
Урпагыбыз жайылып айыл болсун,
Тасмалыбыз төгүлүп жайыл болсун.
Дуба тилеп жайганда алаканды,
Кармаган орозобуз кабыл болсун.
Окуган намазыңыз кабыл болсун .
Автор: Света Туганбаева
,,Поэзия Ордосу" көркөм- адабий коомдук бирикмесинин мүчөсү
Түп району
31.03.23.
ОРОЗО АЙЫ
Дасторконуң жайнатып,
Жаратканга жалынтып,
Койгонуна миң шүгүр,
Орозону карматып.
Суунун даамын билгизип,
Күнөөсү жок жүргүзүп.
Садака кылсак бирөөгө,
Сообун койгон тийгизип.
Бир ай бою орозо,
Бийлигин келет жүргүзүп.
Пенделердин ыйманын,
Берет экен тиргизип.
Бир күн кечке ач коюп,
Напсибизди тыйгызып.
Дин жолуна түшүрүп,
Намазыңды тургузуп.
Кабыл кыл кудай дубам деп,
Алаканды сунгузуп.
Бир кудайдын барлыгын,
Бүт ааламга билгизип.
Жан дүйнөгө ыйманды,
Дагы терең киргизип.
Ыйык айым орозо ай
Бергениңе шүгүр деп,
Билип- билбей кетирген,
Күнөөлөрүм күбүл деп.
Жакын кылып кудайды,
Жүрөктөрдү сүйгүзүп.
Ашык сөздү айттырбай,
Айыпсыз кылсын тилиңди.
Арамдарга жолотпой,
Аруула