Мыкты аял
Мыкты аял боломун деп жүрүп, көз жашыңды эч кимге көрсөтпөй, ичке жуттуң...
Мыкты аял боломун деп күндүз-түнү эмгектенип тынбадың, аз уктадың...
Мыкты аял боломун деп көп нерседен өзүңдү өзүң чектедиң...
Мыкты аял боломун деп эч качан артка чегинбедиң, алдыга гана умтулдуң...
Мыкты аял боломун деп өзүң ичиңен ыйлап турсаң да билдирбей, ыйлаганды жубаттың, көз жашын сүрттүң...
Мыкты аял боломун деп перзентиң үчүн башыңды тоого да, ташка да урдуң...
Мыкты аял боломун деп жалгыз өзүң жаңы үйдүн ирегесин көтөрдүң, ичин мээрим менен жылуулукка толтурдуң...
Мыкты аял боломун деп душманыңды кечирдиң, журттун да көңүлүн таап, өз көңүлүңдү унуттуң...
Мыкты аял боломун деп жүрүп эч