(4-бөлүк)
Экөө кыз-жигит болуп окуу жайдагылардын баарын кызыктырчу. Канча убакыт деле өткөнүн билбейбиз, кыш мезгилдери эле, окууну да бүтөйүн деп классификациялык иштерди жазууга киришип жатканбыз. Эмнегедир Арген менен Айзиректин мамилелери мурдагыдай болбой калганын сездик. Алардын мындай жоругу баарыбызга таң калычтуу эле. Кыскасы, жазга жакын Айзирек капыстан эле турмушка чыгып кетти. Эсибизди оодарганы окуу жайда иштеген бир окутуучубузга турмушка чыгыптыр. Не дээрибизди билбедик. Бир чети экөөнүн сүйүүсүнө ичибиз ачышса, экинчи жактан жаштыкта ар кандай күндөр болушу мүмкүн деп өзүбүздү жооткотуп койдук. Бирок, Аргендин ушунчалык маанайы чөккөнүн көрүп, менин боорум ачыды. Кан