“СЕН ЖОК МЕН ЭЧ КИМ ЭМЕСМИН...”
Негизи биз, эркектер, аял-эркек мамилесинде өтө өзүмчүл келет экенбиз. Албетте, баары дебейм. Бирок өзүмдөн улам айтып жатам. Мен эле дейин десем, көпчүлүгүңөр аялзатынын сезимдери менен эсептешпейсиңер. Мага окшоп жөн эле “аял алыш керек” деп үйлөнүп алгандар четтен чыгат.
Мен сүйбөй-күйбөй эле үйлөнүп алгам. Сүйгөн кызым мени менен сүйлөшүп жүрүп турмушка чыгып кеткенде жер муштап ыйлап, ушунчалык ызаландым. Ага өчөшүп мен дагы үйлөнөм дедим. Ата-энемди досунун кызына куда түшүрүп, шашып үйлөнүп алдым. Ушул күнгө чейин үй-бүлөнүн жоопкерчилиги жөнүндө ойлонгон да эмесмин. “Иштеп, акча таап, азык-түлүк, керек-жарагын камсыздасам болду да” деп иштегенимди ми