Аял (эссе)
«Аял жакшы – эр жакшы» дейт кыргызда, улуу сөз. «Эрди эр кылган да, жер кылган да аял» – деп айтылат. Мааниси мындай терең макал башка элде айтылбаса керек. Айтылса да мындай күчтүү, салмактуу чыкпаса керек.
* * *
Аял эч качан өзү бактылуу болбойт. Анын бактысы ак никелүү болуп күйөөгө чыгуу, бала төрөп чоңойтуу. Бийликтен, байлыктан бактылуу болом деген аял катуу адашат.
* * *
«Аялдын пири анын никелеп алган күйөөсү»,- дешет. Эгер аял өз өмүрлүк жолдошун пирдей тутуп кадырлабаса, анда андай үй-бүлө бактысыз үй бүлө.
* * *
«Аял үйдүн куту» деген макалдын да мааниси терең. Үйдү үйдөй таза кармаган, бары-жогун билдирбей жаркыратып туткан аялзат. Аял сарамжалдуулугу, ийкемдүүл