Кудай бардык улутка жер бөлүп жатканда кыргыз өзүнө тийчү жерди күтүп олтуруп уктап калат, бир кезде ойгонуп караса кудай бардык улутка болгон жерди бөлүп берип бүткөн болот.
Кыргызды көргөн кудай : "сен да менин пендемсиң, сага жер бербесем болбойт эми эмне кылсам ммм" - деп ойлонуп туруп "сага өз жеримден бөлүп берем" - деп өз багы бейиштин жеринен берген экен, ошон үчүн кыргыз жери бейиштей кооз, сулуу!!! Жараткан ыроологон табиятыбызды ардактайлы, башкалардыкына окшобогон өзгөчө кооз жерибизди көздүн карегиндей сайтайлы, баалап барктайлы....
Кыргыздай элдин бейиштей жердин уул - кызы экенибизге сыймыктанып жашайлы! Ар дайым элим жерим тынч болсун, шыңгырап аккан булагы соолуб