Жакшынын жакшылыгы ар убакта, Жамандын такырлыгы ар куракта. Ичи тар жашай берет өзүн кыйнап, Ээрчиген адат калат өлгөн чакта... Берешен бере берет колдо барын, Кудайым колдой берет, аны дайым... Ачкөздүк пейилине орноп калса, Ааламды алса дагы,тойбойт карын... Жакшылар жакшы сөзүн айта берет, Жамандар уулаганга уста келет... Арамза ар убакта шылтоо табат, Уйкуну ал оору деп атап алат... Шаан -шөкөттү каалаган тойду тилейт,Шайтанды да чочутуп,бийлейт-бийлейт... Иштегенди билген, жашаганды да билет ,Бирок чиркин,баарибир ак кепин киет... Кошунанын жакшысы мамиледе билинет, Көрө албаса жаманы саламы жок тигилет... Бир тууган жакшы ынтымагы келишсе, Жок мезгилде бир-бирине беришсе