КЕЛИНИМЕ КАТ...
Бул кат сага жетет, билем, анткени гезит барат үйүңө. Бирок ичимди өрттөгөн эскерүүлөрдөн жазсам гана арылчудай сезип жатам. Сен мындай сезимдерди деле түшүнбөйт болушуң керек деп ойлойм. …Ошол күнү атамды ээрчитип айылга жөнөдүм. Алгач оолугуп үйгө кетем деп жаткан атам айылга жакындаганда негедир тынчсызданып, башкача боло баштады. Үйгө жетип кирсек, сен эптеп учурашып, термосдо муздап калган чайды коюп, анан кошунаныкында той болуп жатканын, барбасаң болбостугун айттың. Бара бер, атамды өзүм карайм деп, кайра өзүм ыңгайсыз боло түштүм. Атам сени жал-жал карап үнү чыкпайт. Эки ай шаарда жүрүп үйүн сагынган эмес беле деп ичимден ойлоном. Сен той болчу үйгө чыгып баратып к