Бала оорусу тууралуу өзү белги берет
Кичинекей бала кайсы жери ооруп жатканын айта албайт. Балага жардам берүү үчүн аны эмне тынчсыздандырып жатканын өзүңүз баамдап билүүгө тийишсиз. Ал үчүн бала берген белгилерге жакшылап маани бериңиз.
Бутун көтөрүп ыйласа…
Курсагы ток, алды кургак болсо да, бала тынчсызданып тынымсыз ыйлай берет. Ыйлаганда бутун көтөрүп ичине жакындатууга аракет кылат.
Бул эмненин белгиси? Бул, албетте, ич көбүүнүн белгиси. Ич көбүү адатта 2-3 жумалык куракта башталып, 3 айга чейин боло берүүчү көрүнүш. Анын себеби - эмчек эмизген эненин туура эмес тамактарды жеп алышы. Мисалы, уйдун сүтү, кара нан, таттуулар, буурчак өсүмдүктөрү сыяктуу азыктар баланын ичинин көбү