АПАСЫН ҮЙҮ МЕНЕН КОШО САТКАН УУЛ...
Карыган эне алдан тайып, жашоонун акыркы белине чыгып калган кези эле. Күйөөсү жаш кетип, жалгыз баласын чоңойтуп, окутам деп жүрүп, эне байкуш өз жашоосун уулуна арнаган. Мына эми жашы жетимиштен өтүптүр...Баласы үйлөнүп шаарда жашайт, айылдагы апасынан кабар да албайт. Пенсиясы тийген күнү келип, шаарда жашоо кыйын экенин айтып арызданып, апасынын акчасын шыпырып кеткенди адат кылып алган.
Эне да, балам жесин-балам ичсин деп. Болгонун берип отуруп калат. Ооруса да врачтарга барбайт, күчтүү тамак жебегенге арыктап, жүдөп, алы кетип барат күндөн-күнгө.
Баласынын ал мезгилде ойлоп тапкан амалын билбейт. Иван көрсө газетага жарыя бериптир, үй сатылат арзан