КАРАГАТТЫН ПАЙДАСЫ ЖАНА ЗЫЯНЫ
Карагаттын пайдалуу жактары
Карагаттын курамы С витаминине абдан бай. Жыйырма тоголок карагат организмди бир күндүк С витамини менен толук камсыз кылат. Андан тышкары карагаттын курамында антоциан, Е, К витаминдери, В, РР топтору, темир, бета-каротин, кальций, цинк, калий, натрий, фосфор, магний, эфир майы, флавоноид, фитонцид, пектин, органикалык кислота жана башкалар бар. Андан жасалган азыктар эч качан витаминдүүлүгүн жоготпойт. Андыктан карагаттан жасалган татуулардын организмге тийгизген пайдасы дагы жогору. Медицинада карагаттын бутактары, жалбырагы, мөмөсү, атүгүл тамыры дагы кеңири колдонулат. Маселен, карагаттын жалбырагында С витамини мөмөсүнө карага