*КОШУНА МЕНЕН БОЛГОН МАМИЛЕ*
Бир адам жугунду куйган чакасын кошунасынын короосуна билдирбей келип, коюп кетип калды. Муну көргөн кошунасы чакадагы жугундуну төгүп, чаканы жууп тазалап, ага толтуруп жер жемиштен салып чаканын ээсине алып барып берди. Мындайды күтпөгөн чаканын ээси: " Мен сенин корооңо жугунду куйулган чака алып бардым, а сен болсо мага жер жемиштерди салып алып келипсиң, бул чын эле ошол чакабы?" - деди.
-Ооба, бул сенин чакаң. Адам үйүндө эмне болсо ошону берет, менин үйүмдө таштанды, жугунду жок деп жооп берди.
Кошунага зыян жеткирүүдөн сактануу керек. Мисалга, аялы менен зина кылуу (ойноштук кылуу), уурулук кылуу, сөгүп-тилдөө, анын короосуна таштандыларды ыргытуу, ты