БЕЙИШТИ АЛУУ КӨҢҮЛДӨРДҮ АЛУУДА
Бир аял жумуштан үйүнө баратып, жолдо колундагы чыбык менен бир нерселерди чиймелеп жаткан баланы учуратып калат. Анын чиймесине таңыркап карап туруп: "Эмненин сүрөтүн тартып жатасың?" деп сурады.
"Бейиштиин..." деп, жооп берген бала аялды карап да койбой өз ишин уланта берди.
Буга ого бетер таң калган аял, кызыга дагы сурады:
"Анан эмне кыласың?", балага дагы да үйрүлүшө түшкөнүн өзү да байкабай калды.
Бала "ишин" бир азга токтотту да, башын көтөрүп аялга карап:
"Ушул бейишимдин бир бөлүгүн сизге сатамын аласызбы?" деди.
Суроосуна суроо менен жооп алган аял, балага мээри аша түшүп:
"Макул, алса алайын, канча турат "Бейишиң"дин бир бөлүгү?"
"Сизге арзан эле бе
УСТАЗДЫН БОЛУУСУ ШАРТ
Медицина боюнча жазылган китептерди окуганда этият болуңуз! Анткени сиз типографиянын бир эле катасы менен өлүп кетүүңүз мүмкүн. (Марк Твен)
Андыктан, динди үйрөнүүдө да китептин өзү менен гана чектелбестен, аны устаздардан үйрөнүү шарт. Эгер устаздыкка китептин өзү жетиштүү болгондо, Аллах таала миңдеген пайгамбарларды мугалим кылып жибермек эмес.
Устазыбыз шейх Абдусаттар дамулланы Аллах Өз ырайымына бөлөсүн!
Дагы бир устазыбыз Ахун дамулла, Аллах өмүрүнө береке берсин!
АЙ КӨРҮҮ ЖЕ ХУКМИЙ РУˈЯТ
Рамазан айы келээрде ай көрүү маселеси көтөрүлөөрү баарыбызга маалым. Шарият илиминен бир аз билими бар “молдоке” деле: “Ай көрүп орозо кармайбыз жана ай көрүп анан айт кылабыз” деген “ураанды” көтөрүп чыгат. Биздин элдин адаты Рамазан айынын башталуусун он күн жок дегенде бир жума мурда айтпасаң тим эле чый-пыйы чыгып кетет. “Ой айтпайсыңарбы эми, мен тээ Алайга кудамдыкына кой союп барышым керек, же болбосо боорсок сыяктуу таттууларды айт майрамына эртерээк бышырып даярданышыбыз керек да” деп бүт молдолордун айрыкча муфтияттын тынчын алат. Жер-жерлердеги имам-молдокелерибиз: “Муфтияттан бизге кабар келсе гана силерге айта алабыз, болбосо жок...” деп, кутулган
بسم الله الرمن الرحيم.
1. МАВЛАВИЙ ХИНДИСТААНИЙ УСТАЗДЫН ӨМҮР БАЯНЫ.
Мавлаана молдо Мухаммаджан Рустам уулу Хиндистаанийдин ушул өз тилинен жазып алынган анын өмүр баянын окуп: "Инсан башы таштан да катуу. Адам баласынын башы сай түбүндөгү таштай чыдамкай болот экен", деген ой кыялымда кайталана берет. Ооба, Жараткан өзү жар болсо, адам бардык нерсени жеңе алат! Аны эч нерсе, эч кандай азап-кыйынчылык токтото албайт.
Илим издеген, дили Кудайды таанууга жана жакшылыкка чаңкаган саалих жигиттин башынан заман кандай гана тегирмен ташын жүгүртпөдү. Аны өз максатына умтулуудан жана ыймандан тайдыра албады. Балким тескерисинче, кыйынчылык арткан сайын анын ыйманы бекемделип бара берди.
УСТАЗ МОЛДО АБДУСАТТАР АЖЫНЫН ЭСКЕРҮҮЛӨРҮНӨН
Кадимки айтылуу олуя Машрап дубана жүдөө кийими менен тойго келсе, аны эч ким кел деп күтүп албаптыр. Күтүп алмак тургай, жакшылап маани берген бирөө болбоптур.
Буга ызаланган Машрап дубана бир бай таанышынан тойго кийчү баалуу тонун сурап алыптыр. Анан ошол тонду кийип тойго келсе элдин баары жабыла өзгөчө урмат-сый менен күтүп алышат. Төрдөн орун берип, түркүн даамдын баарын анын алдына үйүп салышат. Элдин баары бир падыша келгендей күйпөлөктөп, кызмат кылып калышат.
Муну көргөн Машрап дубана тондун жеңиндеги колун ичкерирээк тартып, колунун учунан кыйла узун болуп чыгып турган тондун жеңин тамакка нукуп: "Ал, сен ал, муну мага эмес сага коюшт
Айылдан келген досум Замирбек, убагында Чубак ажы менен Кыргызстан Ислам Университетинде чогуу бир курста окуган экен. Анан Чубак ажыны ээрчип Меккеге кетип эле калбай...
Чубак ажыны кошо зыярат кылдык.