Билип ал!
Ата менен апанын айырмасы эмнеде?
Көзүң ачылып жарык дүйнөгө келгениңди көрөр замат сени жакшы көргөн адам -апаң.
Ал эми сени көрбөй туруп жакшы көргөн адам – атаң.
Апаң сени бул жашоого алып келет.
Атаң бүт ааламды сага тартуулаганга аракет кылат.
Апаң сага өмүр тартуулайт.
Атаң ошол өмүрдү кандай өткөрүүнү үйрөтөт.
Апаң сени курсагында тогуз ай көтөрөт.
Атаң сенин жоопкерчилигиңди өмүрү өткөнчө көтөрөт.
Апаң сен ооруганда ыйлайт.
Атаң сен ыйласаң ооруйт.
Апаң сенден “курсагың ач эмеспи?” - деп сурайт.
Атаң сага ачка калбоонун жолун үйрөтөт.
Апаң сени кучагында көтөрөт.
Атаң өмүр бою желкесине көтөрүп өтөт.
Апаң назиктиктин булагы.
Атаң даанышмандыктын ку