КЕЛЕСИҢБИ
Көбү күтөт махабатын жаз күнүндө,
Сен келчи, ноябрдын суук түнүндө.
Бактыма башкалардай жазды күтпөй,
Жаз болуп, кирип келчи суук түнүмө.
Түшүмө кирдиң бүгүн жолуктум,
Болот деп, ойлоп койдум колуктум.
Багымды ушул адам ачат деп,
Түшүмдө дуба кылып коюпмун.
Саамайың сылап акырын,
Салайын келчи агын жоолуктун.
Нурдөөлөт.